Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

ОШ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЧАНГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР ЖЕМЕ УКТУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Мамлекеттик тилде иш-кагаздарын алып баруу, жыйындарды өткөрүү, улуттук мектептерде кыргыз тилинин окутулушунун деңгээли сыяктуу маселелер Ош облустук акимчилигинин кезектеги жыйынында талкууга алынды. Анын жүрүшүндө ураан чакырып иш алып барабыз деген менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бийлик башындагылар өздөрү мыйзамды сыйлабай жатышат деген ачуу айыптоолор орун алды.

Ош облусунун аймагындагы мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилери мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы бир жылда жасалган иштери боюнча отчет беришти. Алар негизинен иш-кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүүдөгү, жыйындарды кыргыз тилинде алып баруудагы жана мамлекеттик тилдин окутулушундагы иш-аракеттерге токтолушту.

- Талаптарга ылайык биздин иш кагаздарды, жыйындарды кыргыз тилинде өткөрүү боюнча өздөштүрүп атабыз, - деди Кыргызстан улуттар ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыр Сапарбаев.

Ал эми мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Ош облустук корунун жетекчиси Алмагүл Тилекманова өткөн бир жыл аралыгында иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн деңгээли бир кыйла жакшырып, улуттук мектептерде кыргыз тилинин окутулушу жолго коюла баштады деген жоромолду окуп берди:

- Карасуу районунда 304 буйрук кабыл алынган, анын 224 кыргыз тилинде, 80 расмий тилинде. Араван районунда 158 иш кагаздар болсо, анын 81 кыргыз тилинде, 77 орус тилинде. Ошондой эле Өзгөн шаарында 123 токтом кабыл алынса, анын 103 кыргыз тилинде берилип, 20 расмий тилде берилген. Улуттук мектептерде мамлекеттик тилди окутууну жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү максатында ачык сабактар, диспуттар, тегерек столдор өткөрүлүп келүүдө.

Анткен менен чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү кыргыз тилинин улуттук мектептерде окутулушу начар деңгээлде экендигине токтолушуп, көптөгөн жетекчи сөрөйлөр иш-кагаздарын, чогулуштарды дагы деле болсо орус тилинде өткөрүп жатышкандыгын белгилешти. ОшМУнун мамлекеттик тил борборунун жетекчиси Асылбек Айтманбетов президент, премьер-министр баштаган бийлик төбөлдөрү өздөрү мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз деген куру кыйкырык, ач сүрөөндөн башка көзгө көрүнөөрлүк иш кылганга саясий эрктери жетишпей жатат деп айыптады.

- Мыйзамды сыйлоо жогорку жетекчиликтен башталыш керек. Жылда жакшы иштерди жасайлы дейбиз, бирок жыл аягына барганда баягы эле көрүнүш болот. БУУнун, ЮНЕСКОнун берген маалыматтары боюнча кыргыз тили жоголуп кетип аткан тилдердин катарына кошулуп атат. Байдылда Сарногоев 90-жылдары айтты эле, “уй мөөрөйт уйдун тилинде, кой маарайт койдун тилинде, уй-койдон артта калыппыз, өз тилибизди билүүдө” деп.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн көтөрүп чыккан адамдарга карата дагы деле болсо совет мезгилиндегидей эле улутчул деген жарлык тагылып, куугунтукка алынган учурлар аз эмес экендиги ачык айтылды.
XS
SM
MD
LG