Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

ИТАЛИЯНЫН ӨКМӨТҮ КЫЗМАТТАН ЧЕГИНДИ


Бүгүн (21-февралда) Италиянын президенти Жоржо Наполитано премьер-министр Романо Продинин өкмөтүнүн кызматтан чегинүү тууралуу арызын канааттандырды. Продинин коалициялык өкмөтүнүн тышкы саясат жаатындагы сунушунун Сенат тарабынан четке кагылышы өкмөттүн кызматтан чегинишине себеп болду. Президент саясатчылар менен өлкөнүн саясий болочогу тууралуу сүйлөшүү жүргүзөөрү күтүлүүдө.

Бүгүн Италиянын президенти Жоржо Наполитано (Giorgio Napolitano) премьер-министр Романо Проди (Romano Prodi) жетектеген солчул-чордончул өкмөттүн кызматтан чегинүү тууралуу арызын кабыл алды.

Романо Продинин (сүрөттө) кызматтан чегинишине анын коалициялык өкмөтүнүн тышкы саясат жаатындагы сунушунун Сенат (парламенттин жогорку үйү) тарабынан четке кагылышы себеп болду.

Өкмөттүк коалицияга кирген партиялар бул маселе боюнча ич ара жиктелип жаткан - коалициянын үч партиясы Ооганстанда италиялык аскерлерди кармоого жана Италиянын түндүгүндөгү америкалык аскер аба күчтөрүнүн базасын кеңейтүүгө каршы чыккан.

Бүгүн Сенат өкмөттүн Ооганстандагы италиялык аскер тобун каржылоону улантуу сунушун четке какты.

Өкмөттүн сунушун 158 сенатор жактап добуш берди. Сунушту өткөрүү үчүн бери дегенде 160 добуш зарыл болчу.

Оппозициядагы консерваторлор жана башка депутаттар (жалпысынан 136 сенатор) каршы добуш берди. 24 сенатор добуш берүүгө катышкан жок.

Сенат ошондой эле тышкы иштер министри Массимо Д'Алеманы (Massimo D'Alema) кызматтан кетирүүнү сунуштады.

Ушул тапта Ооганстанда 1900 италиялык жоокер жайгашкан.

Романо Продинин өкмөтү он ай мурда бийликке келген болчу.

Президенттин жаңы жардыгына ылайык, Продинин өкмөт мүчөлөрү өз кызматын убактылуу уланта бермекчи.

Президент Жоржо Наполитано бейшембиде өлкөдөгү саясий партиялардын жетекчилери менен өлкөнүн мындан аркы саясий тагдыры тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүгө камынып жаткандыгы кабардалууда.

XS
SM
MD
LG