Бүгүн (21-февралда) Италиянын президенти Жоржо Наполитано (Giorgio Napolitano) премьер-министр Романо Проди (Romano Prodi - сүрөттө) жетектеген солчул-чордончул өкмөттүн кызматтан чегинүү тууралуу арызын кабыл алды. Романо Продинин кызматтан чегинишине анын коалициялык өкмөтүнүн тышкы саясат жаатындагы сунушунун Сенат (парламенттин жогорку үйү) тарабынан четке кагылышы себеп болду. Өкмөттүк коалицияга кирген партиялар бул маселе боюнча ич ара жиктелип жаткан – он ай мурда бийликке келген коалициянын үч партиясы Ооганстанда италиялык аскерлерди кармоого жана Италиянын түндүгүндөгү америкалык аскер аба күчтөрүнүн базасын кеңейтүүгө каршы чыккан.
Президенттин жаңы жардыгына ылайык, Продинин өкмөт мүчөлөрү өз кызматын убактылуу уланта бермекчи. Ушул тапта президент Наполитано өлкөдөгү саясий партиялардын жетекчилери менен өлкөнүн мындан аркы саясий тагдыры тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүгө камынып жаткандыгы кабардалууда. (TT)