Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:17

БРИТАНИЯ ИРАКТАН АСКЕРЛЕРИН ЧЫГАРАТ


Британия алдыдагы айларда Ирактагы аскерлеринин чейрек бөлүгүнө жакынын кыскартат. Кечээ парламентте өкмөттүн премьер-министри Тони Блэр жарыя кылган планга ылайык, эмдиги жылы Иракта Бириккен падышалыктын 5 миңдей контингенти калат. Ошол эле күнү Дания да жакынкы аралыкта Ирактан аскерлерин чыгара турганын жарыялады.

Тони Блэр Ирактан британ контингентин чыгаруу качан башталарын так айткан жок. Бирок жакынкы айларда 1600 аскер, ал эми дагы беш жүздөй солдат жыл этегине чейин Британияга кайтарыла турганын ырастады. Ал эми Иракта кала турган аскер бөлүктөрү ирак күчтөрүн машыктырат, аларга колдоо көрсөтөт, иран-ирак чекарасын күзөтөт, экстремисттерге каршы операцияларды өткөрөт.

Иракта баары болуп британдыктардын 7100 аскери бар. Алар негизинен түштүктөгү Басра шаарынын чеке-бакасындагы райондорга жайгаштырылган. Шейшемби күнү бул чөлкөмдөгү операцияларга командалык кылуу милдетин британ аскерлери Ирактын куралдуу күчтөрүнө өткөрүп беришти. Блэр жарыялаган планга ылайык, Иракта эмдиги жылы британдыктардын 5 миңдей контингенти калат.

Британ өкмөтүнүн бул чечимин АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы иштердин ийгилигин ырастаган факты катары кабыл алды. Буга мамлекеттик катчы Кондолиза Райс да кошулду. Британдыктар Ирактагы аракеттердин жалпы стратегиясына ылайык келген иш кылып жатышат – акырындап,мүмкүндүгүнө жараша коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүдө, деп айтты ал Берлинде. Буга кошумчалап Райс Ирактагы коалиция бекем экенин,британ өкмөтүнүн чечими анын биримдигине коркунуч келтирбей турганын белгиледи.

Ошол эле күнү Даниянын өкмөтү да Ирактан аскерлерин чыгара турганын жарыялады. Премьер-министр Фох Расмуссен ырастагандай, быйыл августка чейин даниялык 460 солдаттын баары мекенине кайтарылат.

Ирактын ырасмий өкүлдөрү эки өлкөнүн тең чечимин кубатташты. Ирактын бийлик төбөлдөрү өлкөдөгү коопсуздуктун жоопкерчилигин өзүнө алганга Багдад өкмөтү даяр деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG