Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

СҮРӨТЧҮЛӨР УЮМУНДА ЭЛ АРАЛЫК “ПРИНТ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ


Аталган борбордо басма графика жанрына керектелчү жабдыктар бар. Тактап айтканда литография, шелкография, графюра жана офорт жабдыктары бар.

“Мындай жабдыктар бир гана Кыргызстанда сакталып калган. Бул баалуу жабдыктарды саткыла деп Казакстандан сүрөтчүлөр келишкен, бирок биз макул болгон эмеспиз. Мындай өнөркананын сакталып калышына анын башчысы Ороз Абдысатаровдун жана сүрөтчүлөр уюмунун мээнети чоң”- деди сүрөтчү, “АртТилек” коомдук бирикмесинин жетекчиси Талант Огобаев.

Союз убагында бул өнөрканага керектүү материалдар Москвадан келчү. Ал эми өз көз карандысыз өлкө болгондон кийин каржыланбай, иш токтоп калган. Андан соң Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык өнөркананы кайра калыбына келтирүү боюнча демилге көтөрүп, аны сүрөтчүлөр колдошуп, атайын долбоор жазышкан. Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын өкүлү Эмилия Салиева бул долбоор 2005-жылы эле колдоого алынганын кабарлады.

-Долбоор маданиятты жана көркөм өнөрдү колдоо багытында берилип жаткан чакан гранттардын алкагында каржыланды. 2005-жылдан баштап эле бул өнөркананы ачууга аракет жасап келебиз. Бизге ошондой эле Австриядан да атайын уюмдар көмөк көрсөтүштү. Башкача айтканда алар керектүү материалдар менен камсыз кылышты.

Бул борбордон эми уюмга кирген сүрөтчүлөр гана эмес, жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан улан-кыздар жана жалпы эле сүрөтчүлүк өнөргө кызыккандар келип иштей алышат. Эми бул борбордо жыл сайын эл аралык симпозиумдардын өтүшү күтүлүүдө.

Эл аралык “Принт борборунун” салтанаттуу ачылыш аземинин алкагында литография, шелкография, графюра жана офорт жабдыктарынын жардамы менен жасалган сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG