Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11

БЕРЛИНДЕ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 21-февралда Берлин шаарында Жакынкы Чыгыш маселеси боюнча түзүлгөн "квартеттин" жыйыны болуп өттү. Ага катышкан өкүлдөр Израил менен Палестина жетекчилери ортосунда башталган кызматташуу жана Палестина автономиясынын бирдиктүү өкмөтү түзүлө турганын колдоого алды.

Жакынкы Чыгыш боюнча "квартетке" АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусия кирет. Берлин шаарында 21-февралда өткөн жыйынга Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун, Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана, Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер, Биримдикке төрагалык кылган Алманиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер, АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты.

19-февралда Райс айым Йерусалим шаарында жөөт премьер-министри Эхуд Олмерт менен Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббастын жыйынын өткөргөн жана тараптар кызматташууну улантуу жөнүндө макулдашкан. 7-8-февралда болсо Мекке шаарында Аббастын ФАТХ кыймылы менен автономиянын өкмөтүн көзөмөлдөгөн ХАМАС уюму - улуттук биримдик өкмөт түзүү келишимине келген.

Берлинде өткөн жыйында жогорку жетекчилер бул эки ийгиликке жогору баа берип, Палестина менен Израил ортосундагы кызматташууга колдоо көрсөтө турганын билдиришти: "Көрүлүп жаткан жаңы аракеттерге биздин 'квартет' колдоо көрсөтөт жана Израил менен Палестина жетекчилери ортосунда жыйынтыкка жетүү максаты менен башталган диалогду жактырат. Жаңыланган саясий жараяндын ичинде алар мурдагыга караганда тагыраак максат коюп, орчундуу сүйлөшүү баштады, - деди Пан Ги Мун жыйындан кийин.

Штайнмайердин пикиринде, региондогу абал өзгөрүп баратат: "Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууну көздөгөн мурдагы аракеттерге караганда, азыр абал өзгөрө баштады. Араб тарабынан биз кызматташуууга даяр шериктерди таап жатабыз жана алар тынчтык жараянына колдоо көрсөтүүдө. Ошондуктан биз - 'квартеттин' келерки жыйынын араб мамлекетинде өткөрүүнү ойлонуп жатабыз", - деди немис министри.

Райс айымдын айтымында, араб жана жөөт тараптар сүйлөшө турган маселелер али көп жана Палестинанын бирдиктүү өкмөтү азырынча түзүлө элек: "Биз Йерусалимде жолукканда, мен эки тараптын саясий жана дипломатиялык максаттарын уктум. Менин оюмча, Палестина менен Израил ортосундагы талкуулана турган маселелер көп жана кеңири. Андан тышкары, колдоого алына турган Палестинанын бирдиктүү өкмөтү азырынча түзүлө элек", - деди мамлекеттик катчы.

Хавьер Соланананы айтымында болсо, автономиянын жаңы өкмөтү жаңы маселе чыгарбаш керек: "Палестинанын улуттук биримдик өкмөтү проблемалардан мурда жыйынтык чыгарууга ык тартат деп мен үмүттөнгүм келет", - деп билдирди Берлинде Хавьер Солана.

ФАТХ менен ХАМАС уюмдары түзгөн келишим боюнча, автономиянын жаңы өкмөтүндө ар бир кыймылга алтыдан министрлик орун тийет жана өкмөткө дагы беш көз карандысыз министр кошулат.

XS
SM
MD
LG