Татарстан менен түзүлчү келишимди орус парламентинин жогорку палатасында 13 гана сенатор колдоду, 93 ага каршы чыкты. Федерациялык кеңештин төрагасы Сергей Миронов өз сөзүндө документти кабыл албоого чакырды.
- Бул келишимди кабыл алуу Орусиянын Баш мыйзамынын бузулушуна, опурталдуу саясий жагдайдын түзүлүшүнө алып келет деп эсептейм. Анткени ал Орусиядагы субъекттердин ортосунда тең укуктуулуктун бузулушун шарттайт. Кыскасын айтканда, документтин кабыл алынышын соңку жети жылдан бери орус президенти Владимир Путин ишке ашырып келаткан федеративдүүлүк реформасынан артка чегинүү деп билүү керек, - деди Федерациялык кеңештин төрагасы Сергей Миронов.
Ошентип, Жогорку палатанын башчысы Татарстан менен түзүлчү келишим президенттин саясатына каршы келет деп билдирди. Эң кызыгы - аталган келишимди парламентке президент өзү сунуштаган эле. Ошон үчүн келишим Мамдумада көпчүлүк орунду ээлеген өкмөтүк «Бирдиктүү Орусия» партиясы тарабынан колдоого алынган. Бирок сенаторлор келишимдин кабыл алынышына вето салып коюшту.
Татарстандык «Ватан» саясий партиясынын лидери Мухаммад Миначев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Федерациялык кеңештин чечимин түшүнбөй турганын айтты. Анын ишениминде, сенаторлордун башында турган Сергей Миронов федеративдүү мамлекетти эмес, империяны курууга далалат жасагандардан.
- Албетте, президент Путин тарабынан ишке ашырыла баштаган «вертикалдуу мамилелерди түзүү» реформасы империя курууга үндөшүп кетет. Бирок соңку мезгилдерде Путин өзүнүн бул аракетин кайра карап чыгып, «вертикалды куруу» мамлекетке пайда алып келбей турганын түшүнгөндөй көрүндү. Анткени Советтер Союзунун учурунда дал ушул вертикаль өтө күчтүү болчу. Баардык чечимди борбор кабыл алчу, калган региондор борбордон гана буйрук күтүп, өздөрү эч кандай демилге көтөрүп чыгышпагандыктан, бүтүндөй мамлекетте өнүгүү деген токтоп калган. Брежневдин доорундагы «токтоп калуу мезгили» да ошондон болгон. Путин андай учурдун кайталанышын каалаган жок. Ошондуктан, 2004-2005-жылдары ал бир канча ирет «Региондорго көбүрөөк укук берилиши зарыл» деп чыккан. Президент акыр аягында «вертикалдуу саясат» өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштебей турганын түшүндү, - дейт татарстандык «Ватан» партиясынын лидери Мухаммад Миначев.
Анын айтымында, жаңы келишим Татарстанга эч кандай деле экономикалык өзгөчө укуктарды бербейт. Болгону республиканын өзгөчө саясий статусун сактап калат деп ишенет Миначев. Ушундан уламбы, ал жаңы келишимди «саясий документ» деп атады.
Эми бул документ Мамдумага кайра кароого жиберилмекчи. Мамдуманын спикери Борис Грызловдун айтымында, «Бирдиктүү Орусия» өз позициясынан кайтпайт жана бул келишим кабыл алынышы керек деп эсептейт. Федерациялык кеңештин ветосуна карабай, Мамдума Татарстан менен Москва ортосундагы келишимди экинчи ирет кабыл алууга да укуктуу.
Төрөкул Дооров, Москва