Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

ИСМАИЛ ИСАКОВ: КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ РЕФОРМАНЫН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫНА ӨТТҮ


23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков мамлекеттин куралдуу күчтөрүндөгү кырдаал жөнүндө «Азаттыктын» айрым суроолоруна жооп берди.

- Оболу бүгүнкү майрамыңыз менен куттуктайбыз. Коргоо министрлиги берип жаткан маалыматтарга ишенсек, соңку бир жарым жылдын аралыгында аскер бөлүктөрүндө жоокерлер менен офицерлердин күнүмдүк турмуш тиричилигин жакшыртуу үчүн бир топ иштер жасалды. Сиз эми армиядагы реформалардын экинчи баскычын ишке ашырууга киришип жатабыз деп айтып атасыз. Кыскача айтканда, ошол күтүлүп жаткан реформалардын маңызы эмнеде?

- Биринчиден, биз бир жылдык кызматка өттүк. Экинчиден, өзүбүздүн жаңы форма менен камсыз кылдык. Үчүнчүдөн, социалдык маселелердин бардыгын чечүүгө жетиштик. Биринчи этапта мына ушул үч маселенин негизинде иштедик эле. Эми экинчи этап деп жоокерлерди үйрөткөн офицерлердин социалдык маселелерин чечүүгө түздөн-түз кириштик.

- Ал кайсы маселелер?

- Социалдык маселелерди чечилгенден кийин анын артынан күжүрмөн даярдыктар, техникалар менен жабдуулар, курал-жарактардын оңдоолору жөнүндө маселелер келип чыгат. Себеби, бардыгы ушул социалдык маселелердин, материалдык камсыздоо маселелердин негизинде чечилет.

- Армияга кезектеги чакыруу башталганы турат. Кечээ президенттин жардыгы чыкты, бул жылда эки ирет аткарылчу иш. Бирок армияга чакырылгандардын курамында сапаттык жактан өзгөрүүлөр барбы?

- Албетте, өзгөрүү бар. Анткени, мыйзам чегинде 18 жаштан чакырылса, биз буйрук бергенбиз көбүнчө 20 жаштан өйдө жаштагы уландарды чакыруу жөнүндө. Көпчүлүгү жогорку же атайын билим алгандарды чакыруу, үчүнчүдөн ден-соолугу чың балдарды армияга чакыруу керек. Мына ушул үч нерсенин негизинде биз азыр армияга чакырууну баштайбыз.

- Быйыл кандай аскердик техника алууну белгилеп жатасыздар?

- Аскер кызматчыларында дайыма техникалык жаңылануу болуп туруш керек. Себеби алардын эксплуатациясы абдан бат чыгып турат. Анткени, жоокерлер, офицерлер күнү-түнү аларды колдонушат. Ошонун негизинде, албетте, армия дайыма жаңы техника жана курал-жарактар менен камсыз болушу керек. Кудай кааласа, быйыл биз Орусия өлкөсүнөн 2 млн. 700 миң АКШ долларынын тегерегинде аскердик техникаларды сатып алабыз.

- Тилекке каршы кыргыз армиясы да терс көрүнүштөрдөн кур эмес. Ошондой көрүнүштөрдүн бири - тигил же бул офицерлер кол алдындагы жоокерди кызматтан тышкары жерлерде иштеткендиги тууралуу маалыматтар басма сөздө чыгып жатат. Мындай учурларда аскерий прокуратура, аскерий сот да чечим чыгарат эмеспи. Ушундай фактылар сотто эмне менен аяктаганына байкоо салып турасыздарбы?

- Албетте, мындай окуялар болуп турат. Анын да өзүнүн негизи бар. Себеби мурун аскер бөлүктөрүнө эч бир акча каражаттар бөлүнгөн эмес. Ошонун негизинде кээ бир командирлер акча каражаттардын булактарын издеп, жоокерлерди жумушка берген фактылар болгон. Бирок революциядан кийин Коргоо министрлигинде мунун баарын токтоттук. Эч жака жумушка бердирбейбиз. Ал эмес ошол эле жерде кээ бир наряддарга аскерлерди, жоокерлерди койгонду токтоттук. Президент Курманбек Бакиев ушул маселе туура эмес экен деп бизге граждандык атуулдарды кошумча берип, аскерлердин ордуна азыркы күндө граждандык атуулдар барат. Мындай нерселерден жоокерлер бошотулган, аларды ар кандай жумуштарга салууга тыюу салынган. Башка аскер бөлүктөрүндө мүмкүн кээ бир фактылар чыгып калышы ыктымал. Себеби буга элибиз, кээ бир командирлер көнүп калган. Бирок, Коргоо министрлигинде мындай нерселерге тыюу салынган.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG