Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

МЕКЕН САКЧЫЛАРЫНЫН МАЙРАМЫ ШАҢДУУ БЕЛГИЛЕНДИ


Бишкек шаарындагы Улуттук опера жана балет театрында өткөн мекен сакчыларынын майрамына арналган салтанаттуу жыйында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров Куралдуу күчтөрдүн офицерлер, жоокерлерин куттуктап, сөз сүйлөдү. Быйыл беш жылдан бери 23-февраль Мекен коргоочулардын күнү катары белгиленет.

Бишкек шаарындагы Улуттук опера жана балет театрында өткөн салтанаттуу жыйынга президент Курманбек Бакиев катышат деп алдын ала катуу даярдыктар көрүлгөн. Бирок мамлекет башчысы да, премьер-министр да бул салтанатка катышкан жок. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров шаңдуу жыйынга келгендерди куттуктап, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыктары мыктылыгын, аскер тармагы реформаланып жатканын белгиледи.
Мамлекеттик катчы майрамдын жаштарды мекенин сүйүүгө жана коргоого, патриоттук духта тарбиялоодо мааниси зор экендигин баса белгиледи.

Согуш ардагерлеринин төрагасы, Советтер Союзунун баатыры генерал-майор Дайыр Асанов Мекенди коргоо ыйык милдет экендигин айтып, “майрамдын мааниси жогору” деди.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, азыр аскер кызматына баары чакырылбайт. Аскерге чакырылуучу 50-60 миңдей уландар бар. Ошонун ичинен ар жыл сайын 12 миң жигит иргелип тандалып алынат. Аскердик доктрина кабыл алынып, реформа болууда. Анда 2010-жылга чейин Кыргызстанда профессионалдык армия түзүү маселеси каралган. Кыргыз аскерлерине азырынча курал- жарак жетиштүү. Аскерлерде кийинки жылдары жаңылануу, байкалаарлык өзгөрүүлөр болууда.

Орус армиясында 25 жыл кызмат өтөп келген запастагы полковник Тилек Кыдыралиевдин айтымында, кыргыз аскеринин даярдыгы начар, аскер наамдары тааныш - билиштик менен берилип, коррупция күчөгөн. Полковниктер башкара турган аскер бөлүктөрүн генералдар башкарып, алар үчүн казынадан көп каражат кетүүдө. Андан көрө ошол каражатка бир ротанын жоокерлерине тамак- аш, кийим- кече берилсе дурус болмок” дейт запастагы полковник Тилек Кыдыралиев.

- Кыргыз аскерлеринде азыр карапайым калктын арык уулдары кызмат кылууда. Жетекчи кызматкерлердин балдары аскерге чакырылбайт. Совет доорунан калган курал- жарактар эскирип иштен чыгып бүткөн. Жаңысын алууга чама жетпейт. Вертолеттордун көбүн эбак сатып жиберишкен. Кыргыз аскерлерине өкмөт ар тараптан жардам берүүсү керек.

Баткен окуялары (1999 - 2000) кыргыз аскерлери үчүн чоң сыноо болду. Кыргызстандык жоокерлер баскынчыларга сокку бергени менен чама-чаркы чакталуу экени көрүнүп калды. Мына ошол окуядан кийин кыргыз аскерлерине көңүл буруу керектиги, материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылчылыгы айкын билинди.

23-февраль мурда Советтик Армиянын жана Аскер деңиз флотунун күнү эле.1918 - жылы 23-февралда жаш советтик түзүлүштү германдык баскынчылардан коргоо үчүн ыктыярдуу адамдар Кызыл Армиянын катарына жазылып Мекенди коргоого аттанган. Ошол күндөн баштап СССР тараганга чейин ар жыл сайын 23-февраль салтанаттуу майрамдалып турган.

Кийин мурунку союздук республикалардын көбүндө бул майрам белгиленбей калган. Ошентсе да, аскер кызматкерлери көнгөн адат боюнча бул күнү майрамдык маанайда жүрчү. Атуулдардын Мекенди сүйүүсүн арттыруу жана патриоттук сезимди чыңдоо максатында Кыргыз өкмөтү токтом кабыл алып,
23-февраль Мекен сакчыларынын күнү катары аскер бөлүктөрүндө төрт жылдан бери майрамдалып келүүдө.

Аскер кызматкерлеринин пикиринде аскерде кызмат өтөөнүн кадыр-баркы өсүп баратат. Аскер аба күчтөрүнун майору Шеркул Жумаевдин пикиринде мекенди коргоо милдетин өтөө, уландардын кийинки кызмат ишине да таасирин тийгизет:

-Эми мына улуттук белгилер тагыла баштады. Азыр эл аскер кызматына башкача карай баштады. Аскерде кызмат өтөгөндөр кызмат өтөбөгөндөргө караганда жумуштарга да тез, оңой алынып жатат.

Кыргыз аскер тармагында реформа жүрүп, бир жылдык жоокердик кызмат киргизилгенин, улуттук аскердик белгилер кабыл алынып, айрыкча аскер кызматкерлердин турмуш абалдарын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын өлкөнүн коргоо министри Исмаил Исаков белгиледи.

-Бүгүнкү күндө Кыргыз коргоо күчтөрү түзүлүп калды. Аскердик даярдыкты жакшыртуу, аскер тармагын жаңы куралдар менен жабдуу – Мекенди коргоо ишинде алдыбыздагы башкы милдеттер. Кыргыз Куралдуу күчтөрүндө жаңылануулар жүрүп жатат. Ал эми жаштардын патриоттук сезими тууралу айтчу болсок, аталарыбыздан келаткан бул улуу салттын кайра салтанаттай башташынын өзү эле чоң мисал болот.

Жыйында ошондой эле айрым аскер кызматкерлерине Кыргыз өкмөтүнүн жана Коргоо министрлигинин грамоталары жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Салтанат кыргыз маданият ишмерлеринин чоң программадагы концерти менен коштолду.

XS
SM
MD
LG