Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:06

ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРИН АВСТРАЛИЯ КЫСКАРТПАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ вице-президенти Дик Чейни бүгүн Канберра шаарында Австралиянын премьер-министри Жон Говард менен жолугуп, Ирак менен Ооганстандагы абалды жана башка маселелерди талкуулады. Говарддын айтымында, Ирактагы аскерлеринин санын Австралия кыскартпайт.

Британия өзүнүн Ирактагы аскерлеринин санын кыскартууну чечкен мезгилде АКШ саясатын башка мамлекеттер колдоого алганы Вашингтон үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан өлкө вице-президенти Дик Чейнинин Жапония менен Австралияга жасаган сапарына жогору баа берилүүдө. 22-февралда Чейни Токио шаарында өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абе жана башка жетекчилер менен жолугуп, Ирактагы абал жана Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан чыккан маселелерди талкуулады.

Жакында Бээжин шаарында болуп өткөн алты тараптуу сүйлөшүүдө Пхеньян өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотууга макул болду, бирок Токио мурда коюп келген талап күн тартибине кирбей калган. Мындан 20 жыл мурда түндүк кореялык тыңчылар Жапониянын 13 жаранын барымтага алып кеткен, кийин алардын бешөө кайтарылган, калгандар болсо каза болгон деп айтылууда, бирок Токио ага ишенбейт. Үстүбүздөгү жылдын башында болсо Жапониянын коргоо министри Фумио Кюма Иракка каршы согуш баштоо ката болчу деп билдирген, бирок Чейни менен жолукканда, премьер Абе АКШнын Ирактагы саясатына колдоо көрсөттү.

Ошол эле 22-февралда Чейни Австралияга келди жана жыйырма үчүндө өлкө премьер-министри Жон Говад менен жолугуп, Ооганстан менен Ирактагы абалды талкуулады. Чейнинин айтымында, Иракта ийгиликке жетпестен аскерлерди чыгарып кетүү террорчулардан башка эч кимге пайда алып келбейт: "Иракта биз ийгиликке жетиш керекпиз, анткени андан башка жыйынтыктын кесепеттери кандай болоорун жакшы түшүнөбүз. Ирактыктар өздөрүн өзү коргой ала турган абалга жете электе биздин коалиция баарын таштап кетип калса, өлкөдөгү касташкан тараптардын кагылышуулары күчөйт жана аны токтотуу өтө кыйын болуп калат", - деп билдирди Чейни Австралияда.

Австралия Иракка 1450 аскер жиберген жана өлкө жетекчилигинин айтымында, алардын санын көбөйтүү же азайтуу боюнча пландар азырынча жок, бирок өтө зарыл болуп кетсе, дагы беш жүздөй кошумча аскер жиберүү да мүмкүн. Анткен менен америкалык вице-президент өлкөгө келген учурда Австралиянын ар башка шаарларында АКШнын Ирактагы саясатына каршы митинг-демонстрациялар болуп өттү. Жакында өткөрүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй болсо, өлкө калкынын 67 пайызы австралиялык аскерлердин Ирактан чыгарылып кетишин каалайт.

Британия болсо өзүнүн Ирактагы 7100 аскеринин бир миң алты жүзүн үстүбүздөгү жылдын ичинде чыгарып кете турганын билдирди. Аны Вашингтон - Ирактагы абалдын жакшырып баратканынын белгиси деп түшүндүрдү, бирок Конгрессти көзөмөлдөгөн Демократиялык партиянын өкүлдөрү - абал жакшырып баратса, анда эмне үчүн Вашингтон өзү Иракка 20 миңден ашык кошумча аскер жиберип жатат деген суроо коюуда.

XS
SM
MD
LG