Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:52

АКШ ИРАНГА КАРШЫ АСКЕРДИК ЧАРА КӨРҮҮСҮ МҮМКҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кечээ Вена шаарында Эл аралык Атомдук Энергия агенттиги Ирандын атомдук программасы боюнча докладын жарыялап, Иран Улуттар уюмунун шарттарын аткарбаганын маалымдады. Өткөн жылдын декабрында Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Иранга 60 күн мөөнөт берип, Иранды уран байытууну токтотууга милдеттендирген болучу. Эгерде Иран анын талабын аткарбаса Улуттар уюму өлкөгө каршы дагы кошумча чара көрө турганы эскерткен.

35 мүчө өлкөсү бар Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигинин докладында Иран коюулган талаптарды аткаруунун ордуна, уран байытуу аракеттерин күчөткөнүдүгү тууралуу айтылат. МАГАТЭнин башчысы Мухаммед Эль-Барадей Иран уран байытуу үчүн кошумча дагы 164 центрифуга орнотуп, ишке киргизгендигин маалымдады. МАГАТЭнин айтымында уран байытуу процесси өлкөнүн борбор чөлкөмүндө жайгашкан Натанза шаарынын фабрикаларында жүргүзүлүүдө. Бирок, ошону менен бирге эле уюм байытылган уранданын Ирандагы көлөмүнөн атомдук курал чыгарууга мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Иранда "изотоп-235тин" болгону 66 килограммы табылган, бул курал жасап чыгаруу үчүн аздык кылат, ал изилдөө иштери үчүн гана жарайт, делинет баяндамада.

МАГАТЭнин баяндамасы уюмга мүчө өлкөлөргө жиберилип, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө 5 өлкө жана Германия Ирандын атомдук программасына байланыштуу маселени талкууга алып, Иранга мындан ары колдонулуучу чараларды караштырышат. Маалыматтарга караганда, АКШ, Россия, Кытай, Франция, Британия жана Германиянын талкуулары дүйшөмбү күнү Лондондо башталат.

Докладды жарыялап жатып МАГАТЭнини башчысы Эль-Барадей сүйлөшүүдө Ирандын атомдук программасын токтото ала турган сунуштар киргизиле тургандыгына үмүтүн билдирди.

-Тараптардын диалогунда Иран менен сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандантып, маселенин узак мөнөттүү чечилишине кандай шарттарды түзүү керек экендиги талкуулана турганына үмүттөнөм,-деди Эль-Барадей.

Ал эми анын аралыгында, АКШнын вицепрезиденти Дик Чейни атомдук куралдын пайда болуусуна жол бербөө максаты менен АКШ Иранга каршы аскердик чара көрүүсү ыктымал экенин кыйытты. Австралияда иш сапары менен жүргөн Чейни Иранды Жакынкы Чыгыштагы терроризмдин негизги каржылоочусу катары сыпаттап, андай өлкөгө атомдук курал жасап чыгарууга жол берүү чоң катачылык боло турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG