Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

ИРАНДЫН КОСМОСТОГУ РАКЕТАСЫ КАНДАЙ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙТ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсү, өлкө бүгүн космоско алгачкы ракетасын ийгиликтүү учурганын билдирди. Ирандын космосту изилдөө борборунун малыматына караганда, ракета Ирандын илим жана коргонуу министрликтеринин аракети менен жасалып, орбитага керектүү материалдарды жеткирди. Бирок, борбор ал кандай материалдар экенин тактаган жок.

Мындан бир күн мурда эле Ирандын коргоо министри Мустафа Мухаммад Наджар Иран Ислам жумурияты спутникти жана аны учуруу үчүн керектүү жабдууларды жасап чыгарууну пландаштырып жатканын билдирип, өлкө космостук клубдун мүчөсү болуу максатын көздөп турганын баса белгилеген. Билдирүү жасалгандын эртеси эле Иран космоско ракетасын учуруп олтурат.

2005- жылы октябрь айында Иран космоско "Сина –1" деген спутнигин учурган эле, анда аны орбитага жеткирүү үчүн Россиянын "Космос- 3м" деген ракетасы пайдаланылган. Иран өмкөтү "Сина-1" деген спутник илимий изилдөө жана телекоммуникациялык максаттарды гана көздөөрүн билдирген.

Азыр болсо Иран спутнигин өзү жасап чыгарган ракетанын жардамы менен учурду. Америкалык адистер ал үчүн Иран "Шахаб-3" деген ракетасынын космоско учууга ыңгайлаштырылган үлгүсүн пайдаланганын божомолдошот. Айтылып жаткан ар түрдүү маалыматтарга ылайык "Шахаб- 3" ракетасынын учуу алыстыгы болжолу менен бир жарым, эки миң километрге барат. Ал эми башка бир божомолдорго караганда, Иран спутнигин космоско чыгаруу үчүн Түндүк Кореянын континенттер аралык "Таэподоң –2" деген ракетасынын көчүрмөсүн пайдаланган.

Кандай болболсун Ирандын мамлекеттик телевидениеси космостук изилдөө борборунун башчысы Бахраминин "Иран өзүнүн алгачкы ракетасын космоско учурду" - деп айтканын келтирүүдө. Башчыныны айтымында, ракета Ирандын коргонуу жана илим министрликтеринин биргелешкен аракети менен жасалды.

XS
SM
MD
LG