Дүйнө жүзү көз салып турган Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кайым айтышуулар акыркы күндөрү кызып, курчуп баратканы байкалууда. Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешине кирген беш өлкө бул маселени талкууга алып, мындан ары Иранга карата кандай чара көрүү керектигин сүйлөшүшөт. Ал арада Иран өз күчү менен космоско алгачкы ракетасын учуруп, президенти Махмуд Ахмадинежад кандай болгон күндө да уран байытуу иштери улана берерин айтып чыкты. Окуянын мындайча өнүгүшүнө кыргызстандык серепчилер да бааларын бере башташты. Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын ырасташынча, бул ракетанын дал ушул учурда учуп атканы көп нерседен кабар берип турат:
- Бүгүнкү ракета учурушу дүйнө жүзү үчүн өзгөчө бир окуя. Коркунучтуу десем да жаңылбайм. Ирандын тегерегинде талаш-тартыштар абдан курч болуп келатат. Мына эми азыр ракета учуруп атканы, бул көп нерсени далилдеп турат. Демек Иран Коопсуздук кеңешинин чечимине каршы өзүнүн саясатынан тайбай, уранды байытуу процессин алга алып барып, өзөктүк куралды жасаганга жакындап келатат.
Кыргыз-орус славян университетинин окутуучусу, саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде, Иран космоско ракета учурганына карабастан өзөктүк программасын токтотуудан баш тартканы үчүн эларалык катуу кысымга дуушар болот:
- Ирандын өзөктүк доктринасы МАГАТЭ менен аябай эле каршы болуп атат. Ал эми МАГАТЭге АКШ жакшы эле басым жасап атат. Анан бүгүн ал арада Иран ракетасын учурду. Бирок, дүйнөлүк практика менен алганда бардык өзөктүк программалар МАГАТЭнин макулдугун алышы керек, ага баш ийиши керек. Ушул өтө чоң проблема. Менимче эми Иранга аябай эле кысым болот, эл аралык санкциялар башталат.
Саясат таануучу Аалыбек Акунов, Ирандын өзөктүк программасын токтотпой, космоско ракета учуруп жатышы алардын мамлекеттик кызыкчылыгына туура келет деген ойдо. Анткени, алар бул иш-чараларды бирөөгө карата колдонуу үчүн эмес, жөн гана мамлекеттик кызыкчылыктан улам жасап жатышат:
- Эл аралык саясатта өзөктүк куралдар же космоско ракета учуруу – эл аралык саясатты жүргүзүүнүн бир каражатына айланып калды. Мына биз Иранды алсак, ал өзүнүн тышкы саясатында кайсы бир маселелерди өзүнүн кызыкчылыгына чечүү максатында өзөктүк программаларды пайдаланып атат. Өзөктүк куралдар маселеси Пакистанда, Түндүк Кореяда да бар. Алсак, Түндүк Кореяда да ушундай эле окуя болду. Ал Түндүк Кореянын кызыкчылыгы үчүн эле чечилди деп ойлойм. Иран деле бул жерде ошол нук менен кетип баратат.