Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

14:20 «Кайра жаралуу «Манас» эл биримдиги бирикмеси Элдик курултай түзүү аркылуу кризистен чыгууга чакырат


Кайра жаралуу «Манас» Эл Биримдиги коомдук бирикмеси өлкөдөгү кырдаалды оор деп мүнөздөп, андан чыгуу жолдорун Президентке сунуштаган кайрылуу менен чыкты жана аларды жалпы элдин талкуусуна койду. Анда Кыргызстан өлкөсү «кыйроо жана улуту тукулжуроо чегинде турат» деп баса белгиленип, «жаңы бийликтин одоно каталары, адилетсиз кадр саясаты, чабалдыгы коомдук-саясий кырдаалды улам курчутуп, ынтымак менен журт биримдигине доо кетирип, калкты бөлүп, тирешүүгө түрткү болду» деп айтылат. Ошол эле учурда оппозиция тарап дагы "күчүнүн баарын бийликти сындоого жумшап, бийлик талашуудан башы чыкпай калды, калың элдин ишеничине ээ боло албады" деп сынга алынган. Аталган коомдук бирикме Кыргызстанды оор абалдан алып чыгуу үчүн калың элди бийлик жүргүзүүгө түздөн түз катыштыруу керек деп билдирген. Бул үчүн Элдик курултай институтун Конституцияга киргизип, Президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Башкы прокурор, Эсеп палатасынын жылына бир жолу эл алдында жооп берип туруусун ишке ашыруу керек.

XS
SM
MD
LG