Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

27- ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз автономиялык областынын айыл чарба кызматкерлеринин биринчи областтык кеңешмеси 1926-жылдын 27-февралында өткөрүлдү. 1991-жылдын 27-февралынан тарта борбор шаардын кечки гезити «Вечерний Бишкек» аталышта чыга баштады.

Жетисуу Аткаруу комитетинин 1919-жылдын 27-февраль күнкү чечимине ылайык Пишпек шаарында шарап жасоого, ал түгүл алкоголу бар ичимдик колдонууга катуу тыю салынды. Областтык Аткаруу комитети чечимди аткаруудан баш тарткандарды үч ай «жумушчу үйүндө» абакта кармап, болбосо 3 миң рубль айыпка жыга тургандыгын билдирген. Айрыкча, Пишпек шаарында арбын колдонулган нандан чыгарылчу 20 градустук «самосидка» арагын жасап, аны сатууга катуу чара көрүлө тургандыгы белгиленген. Антиалкоголдук чара кийин партиялык жана советтик декреттерде каралып, анын жол-жоболору иштелип чыккан.

Кыргыз автономиялык областынын айыл чарба кызматкерлеринин биринчи областтык кеңешмеси 1926-жылдын 27-февралында өткөрүлдү. Кеңешме Кыргыстандын чарбалык өнүгүү багытын аныктап, өндүрүш күчтөрүнүн жайгашышына жана анын райондоштуруп бөлүнүшүнө зор салым кошкон.
Мындан туура 80 жыл мурун Кыргызстан аймагында биринчи жолу радио берүү уктурулду. Фрунзе шаарынын Совет жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган динамиктен түш ченде жүздөгөн адам союздук радио программаларды угуп, дүйнөлүк жаңылыктар менен таанышышты.

Борбор шаарда жашаган поляктар 1944-жылдын 27-февралында Фрунзе шаарында орун алган филармонияга чогулуп, «поляк патриотторунун митингин» өткөрүштү. Партиялык көрсөтмөгө ылайык, алар Смоленск алдындагы Катынь токойунда немецтик-фашисттер тарабынан кырылган 11 миң поляк офицерлеринин өлтүрүлүшүн айыптаган резолюция кабыл алышты.

Бишкек шаардык коммунисттик партия комитетинин жана шаардык кеңештин чечимине ылайык 1991-жылдын 27-февралынан тарта борбор шаардын кечки гезити «Вечерний Бишкек» аталышта чыга баштады. Буга чейин гезит 1974-жылдан тарта «Вечерний Фрунзе» ат менен жарык көрүп келген. Гезит аталышы борбор шаарга Бишкек тарыхый ысмынын кайтарылышына байланыштуу өзгөртүлгөн.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо 2005-жылдын 27-февралында өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул күнкү маалыматына караганда шайлоого жалпы шайлоочулардын 57% катышкан.

Бу күнү, 1902-жылы америкалык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Стейнбек, 1928-жылы айтылуу израилдик саясатчы Ариэль Шарон жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG