Орусиянын өйдөкү жана ылдыйкы палаталарын жетектешкен Миронов менен Грызловдун партияларын демейде анализчилер «президенттик партиялар» деп коюшат. Чындыгында алар кремлдик кожоюн көзөмөлдүккө алып жаралган партиялар.
«Бирдиктүү Орусия» буга дейре эле түзүлүп азыр ал өлкөдөгү эң ири партия. Анын мүчөлөрүнөн шайланган Мамдумадагы депутаттар эсеби 311ге жетип, палатанын 68 пайызын түзүшөт. Ошол себептен жогорку бийликтен түшкөн демилге тез аранын ичинде мыйзамга айланат.
Ал эми өзүн солчул борбордук партиябыз деген «Адилеттүү Орусия» былтыр гана жыл этегинде мурдагы «Мекен», Пенсиядагылар жана «Турмуш» партияларынын биригишүүсүнөн улам пайда болгон жаңы партия. Ошого карабай анын торолуусу тез болууда. Президенттик администрация жетекчилеринин бири Владислав Сурков айтканга караганда, «бул жаңы бирикме парламентти шайлоодо «Бирдиктүү Орусияга» атаандаш күч болууга тийиш».
Алдыңкы күнү журналисттер алдында айткан пикиринде, Миронов атаандашы Грызлов менен ысык мамиледе: «Биз Борис (Грызлов – ММ) экөбүз чындыгында абдан жакшы дос, жолдошторбуз. Кудайга шүгүр, ал экөбүздө мыскыл күлкүгө терикпөө сезими бар".
Ошону менен бирге Миронов мырза өзүнүн «Адилеттүү Орусиясын» «эл кызыкчылыгын коргочу», ал эми «Бирдиктүү Орусияны» - «бийликтин кызыкчылыгын коргоочу» партия деди.
Бирок, бул Кремль бийлиги ойлоп тапкан дагы бир айла-амал экенин, аны менен добуш берүүчүлөрдүн көзүн боё болуп атканын Санкт-Петербургдагы
«Яблоко» партиясынын жетекчиси Борис Виншевскей биздин кабарчыга айтты:
«Буга окшогон эки партиялардын шайлоого катышышы - саясий атаандаштык бар тура дегендикти көргөзүү үчүн жасалат», - дейт Вишневский мырза.
Дүйшөмбү күнү кезексиз курултайы ачылган «Адилеттүү Орусия» делегаттарына жиберген кайрылуусунда президент Владимир Путин: «Адилеттүү Орусиянын» ишкердиги Орусиянын көп партиялуулук системасынын өнүгүшүнө кызмат кылат деп эсептейм» - деди.