Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

ИРАНГА КАРШЫ ЧАРАЛАР ЛОНДОНДО КАРАЛУУДА


Дүйнөдөгү алдыңкы алты өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү дүйшөмбүдө Лондондо чогулуп, Улуттар уюмунун уранды байытууну токтотуу талабын четке каккан Иранга каршы көрүлчү чараларды талкуулап баштады. Бул жолугушуунун алды, жекшембиде Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад өлкөнүн өзөктүк программасы эч убакта токтотулбайт деп кайталап, ага кошумча Тегеран алгачкы ирет космоско ракета учурду.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө 5 өлкө жана Германиянын ырасмий өкүлдөрү Лондондо чогулуп, Иранды канткенде коркунучу өсүп бараткан өзөктүк программасынан баш тарттырууга болот деген маселени талкууламакчы. Өткөн аптада Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги Иран уранды байытуу иштерин токтотмок тургай, соңку кездери аны мурдагыдан көбүрөөк көлөмдө өндүрө баштаганын маалымдаган. Эл аралык эксперттер Тегеран байытылган уранды массалык кыруучу курал даярдоо максатында колдонушу мүмкүн деп шектенет, Иран андай ниети жок экенин кайталап, калктын энергетикалык муктаждыгын канааттандыруу максаты менен түшүндүрүп келатат.

Лондондо чогулган 6 өлкөнүн элчилери өткөн декабрда Иранга каршы киргизилген чараларга кошумча санкциялар кабыл алуу маселесин талкууламакчы. АКШ маселен, Ирандын экономикасына олуттуу залака келтире турган санкциялар киргизүүгө үндөп келатат, ал сунушка Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө Орусия менен Кытай каршы. Вашингтондун көз карашы ошол бойдон калганын АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бышыктады.

- Иран артка тартсын деген жокпуз, Иран тийиштүү кнопканы басып, уранды байытуу иштерин токтотушу керек. Ошондон кийин гана биз Тегерандын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын оюнда эмнелер бар экенин талкуулашыбыз мүмкүн.

Мындай катаал билдирүүлөрдөн улам Ирандын өзүндө сабырдуулукка чакырган үндөр чыга баштады. Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеинин кеңешчиси Велаяти француз гезитине берген интервьюсунда: “Эгер биз маселе тынч чечилишин кааласак, бардык сунуштарды караштырууга даяр болушубуз абзел,” деген пикирин айтат. Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Хашеми-Рафсанжани эл аралык коомчулукка кайрылып мындай деди.

- Биз сиздерге бардык кепилдиктерди берүүгө даярбыз. Биз баарыбыз тийиштүү шарттар алдында сүйлөшсөк, анда сиздерге Иран өз укуктарынан пайдаланып, турмуштук максатты гана көздөгөн энергия өндүрүп жатканын далилдеп көрсөтүп бере алабыз.

Жекшембиде Ирандын эң алгачкы космостук ракетасы 150 километрдей бийиктикке көтөрүлүп, кайра парашют менен жерге кондурулду. Экперттер ракета дүрмөтсүз болгондуктан, бул окуядан аскердик жаңылык издөөнүн кажети жок деп билдиришти. Ошентсе да, Батыш өлкөлөрү Ирандын ракета даярдоо ишиндеги жетишкендигин дагы бир эскертүү катары кабыл алышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG