Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

БИРИККЕН ФРОНТТУН БИШКЕКТЕ БАШ КЕҢСЕСИ АЧЫЛДЫ


26-февралда “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун Бишкектеги баш кеңсеси ачылып, штабдын мүчөлөрү жыйын өткөрүштү. Анда аталган кыймылдын алдыдагы иш чаралары талкууланды. Жыйынга катышкан “Кыргызстанды сактап калуу патриоттук кыймылынын” кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаевдин айтымында, өлкө башчысы кайрадан президенттик шайлоого барышы керек. Анын баамында бийлик азыркыдай саясатын жүргүзө берсе Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготот. Ал эми парламент депутаты Искак Масалиевдин пикиринде, кыргыздарда кызматтан кеткендер оппозицияга өтөт.

Бишкектин Юдахин көчөсү 70-а дарегинде жаңыдан курулган үч кабат үйдө 26-февралда “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун Бишкектеги баш кеңсеси ачылып, штабдын мүчөлөрү жыйын өткөрүштү. Жыйын жабык эшик артында өттү. Ага катышкан “Кыргызстанды сактап калуу патриоттук кыймылынын” кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаев жыйында эмне маселелер талкууланганы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди.

-Бүгүнкү жыйында негизинен бул кыймылдын эмне маселелерди көтөрүш керек? Эмне иш аткарышы керек? Кандай иштеш керек? -деген маселелер козголду. Эң биринчи маселе, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин, 30-декабрда кол коюлгандан кийин президентин өзүнүн ыйгарым укуктары мурдагы шайланганга караганда өтеле жогорулап кеткени, анын бийлиги көтөрүлүп кеткенине байланыштуу. Экинчиден, ар кандай саясий талаптардын пайда болгондугуна байланыштуу президент кайра президенттик шайлоо өткөрүүгө барышы керек.

Мукар Чолпонбаев белгилегендей, бийлик азыркы системаны өзгөртүп, бийликти элдин мүдөөсүн аткарууга бурбаса, азыркыдай бийлик бөлүштүрүү, байлык бөлүштүрүү саясатын жүргүзө берсе келечекте мамлекеттүүлүктү жоготуп алуу коркунучу бар.

Мукар Чолпонбаевдин көз карашын жыйынга катышкан экс-губернатор Анвар Артыков да колдоорун билдирди. Анын пикиринде, азыркы бийлик ХИПИКтин башка үлгүсүн иштеп чыгып, элдин байлыгын чет өлкөлүктөргө сатып жиберүү аракеттерин көрүп жатат деген божомолун билдирди.

-ХИПИК программасына кирбейбиз деп азыркы бийлик расмий билдирди. Бирок, ХИПИКтин идеясы калып калды. Ал боюнча азыркы бийлик иштеп жатат. Бул деген, кен-байлыктар, суу, энергетика ресурстарын, ГЭСтерди мына ушуларды сатабыз деген ой, биздин бийликтин максаты болуп турат. Ошондуктан менин айтайын дегеним, бул бийликтин саясаты 2010-жылга чейин жүрө турган болсо, Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготот, -деди Анвар Артыков.

Айрым саясатчылар өнүккөн өлкөлөрдө оппозиция бийликти көзөмөлдөп, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн пайдалуу иштерди жасарын айтышууда. Алардын баамында, оппозициянын бийликке каршы иш аракеттери турмуштагы кадыресе көрүнүш. Тескерисинче, бийлик оппозициянын жөндүү талаптарын аткарып, аны менен тирешүүлөргө барбай, “тил табышып” иштеши коомдо туруктуулукту жаратат.

Ал эми парламент депутаты Искак Масалиевдин пикиринде кыргыз саясатчылары кызматтан кетсе эле оппозициячыл саясатчы болуп чыга келишет.

- Бизде кыргыздарда саясатта өзгөчөлүк бар. Кызматтан алынса эле оппозицияга өтөт. Эми кыргыздын тагдыры ушундай экен. Ал эми башка мамлекеттердегидей башынан эле оппозициялык мүнөздө болсо ал түшүнүктүү нерсе, -деди Искак Масалиев.

XS
SM
MD
LG