Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

БЕРМЕТ АКАЕВА ШАЙЛООГО АТТАНДЫБЫ?


29-апрелге шайлоо белгиленген Кемин жана Отузадыр шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка бир да талапкер расмий сунуштала элек. Ошол эле учурда бул эки округдан депутаттыкка талапкер катары экс-президент Аскар Акаевдин кызы жана азыркы президент Курманбек Бакиевдин иниси ат салышаары тууралуу коомчулукта кеңири сөз болуп, ал ар кыл өңүттө талкууга алынууда.

Азыркы президенттин иниси Жаныш Бакиев Отузадыр шайлоо округунан ат салышаары шайлоо дайындалгандан бери эле айтылып келатат. Ишенимдүү булактын тастыктаганына караганда, Жаныш Бакиевди талапкердикке ал мүчө болгон «Эмгек жана Биримдик» саясий партиясы жакында өтө турган курултайында көрсөткөнү жатат. Бирок, бул маселеге партия өзү сак мамиле жасап, коомчулукка расмий маалымат таратпай турат.

Отузадыр шайлоо округунан айырмаланып, Кемин шайлоо округунан шайлоочулар экс-президенттин кызы Бермет Акаеванын айланасында кызуу талашып-тартышып жатышат. Маселен, өткөн аптада кеминдик үч миң аялдын атынан маалымат жыйынын Бишкекте уюштуруп, Акаеваны депутаттыкка ат салышууга чакырган болчу. Мындай билдирүүнү төгүндөө үчүн Бишкекке бүгүн кеминдик аялдардын экинчи тобу келишти. Алар Бермет Акаеванын депутат болушу кеминдиктердин азыркы оор абалын жеңилдетерине ишенишпейт. Мындай пикири менен мурдагы депутат Айдар Акаевдин шайлоочуларынын бири, баатыр эне Анара Кадырова билдирди:

- Депутат, депутат дейбиз. Мына Айдар бизге бир да жардам берген жок. Эми Берметти шайлаганда деле баары бир да.

Галина Рачицкая, маселен, азыр кеминдиктер турмуш-тиричилиги жагынан эле эмес, моралдык жактан да мукурап жатканын белгилей кетти. Ал Акаевдерге, анын ичинде мурдагы депутат Айдарга доомат арта албайм, анткени, ал иштеген жок, иштешине мүмкүндүк бербей коюшту дейт. Бермет Акаева келсе деле ушундай жагдай түзүлөт деп болжойт:

- Биз ар дайым акаевчил катары саналчубуз. Мисалы, биз, кеминдиктер келгендерден эмне сурабайлы, алар ой силер акаевдикисиңер деп чыгышат. Иш жүзүндө бизде эч нерсе жок. Ошондуктан, азыр бизге биздин райондо жашаган киши керек.

Кемин шайлоо округунда Айдар менен депутаттыкка ат салышкандардын бири Жыпар Жекшеев да Берметтин парламентке келүү аракети моралдык да, саясий жактан да колдоого арзыбайт дейт:

- Акаевдин айланасында ушунчалык уу-чуу болуп аткан кезде кайра Кеминге талапкердигин коюшу Берметтин өзүнүн граждандык укугуна карабастан, моралдык жана саясий жагынан Кыргызстанга жакшылыкты алып келбейт. Себеби, акаевдер өздөрүнүн таза экенин далилдеп, элдин астынан өтө элек.

Айрым байкоочулар Бермет Акаеванын талапкер катары катталышына Кыргызстанда жашабагандыгы тоскоол болушу ыктымал. Мамлекеттик иштен тышкары чет өлкөдө узак мөөнөт жашаган жарандарга Шайлоо кодексинде чектөө бар. Бул өтө кылдат маселе экендигин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гуля Рыскулова белгиледи. Анын айтымында, бул маселе күн тартибине коюлган шартта да БШК мүчөлөрү кеңешип чечет:

- Бул өтө кылдат маселе. Мен бул аны өткөрбөш үчүн эле бир илинчек болот деп ойлобойм. Менимче бул негиздүү, мыйзам шартында каралат. Бирок, БШКнын бир да мүчөсү Бермет Акаеванын бул жараянга катышуусуна тоскоолдук кылуу үчүн даярдалган жок.

Бул маселе боюнча Акаеванын адвокаты Галина Скрипкина ой бөлүшүүнү каалаган жок. Ошол эле учурда адвокат Бермет Акаеванын Кемин шайлоо округундагы шайлоого талапкер катары катышаарын тастыктады. Бермет Акаева ушул максат менен Кыргызстанга ушул аптанын этегинде келери күтүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG