Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

БЕЛДИ БЕКЕМ БУУШ КЕРЕК, ДЕЙБИ?


Тышкы карыз жүгүн жеңилдетүүнүн HIPCтен башка айла-амалдарын издеп чыгууга өкмөткө эки жумалык убакыт берилген. Март айынын он төртүнө чейин А.Исабековдун министрлер кабинети айырмалуу (альтернатив) программа иштеп чыгып, ал талкууга коюлмакчы. Жаңы программа жалаң карыз жүгүн жеңилдетүү максатын көздөбөй, жакынкы жылдардын өнүгүү стратегиясын да аныкташы керек.

Айырмалуу программа, президент К.Бакиевдин ырасташынча, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин колунан чыгып, жалпы элдик колдоого алынышы абзел.

- Ал бирдиктүү болушу керек. Өкмөт тарабынан иштелип, парламенттин сынынан өтсүн. Кыргызстан эли жактырсын. Керек болсо белди бекем бууп, чыгымдары азайтып, анан алдыга умтулуштан башка айла жок.

Алдагыдай бакыбат экономикалык милдетти ишке ашырыш үчүн жеке инвестицияны арбын тартуу зарылдыгы Кыргызстан HIPC программасына кирүүдөн баш тартканга чейин деле айтылып келген. Өлкө тыш карыздарын кыйналбай төлөп, туруктуу экономикалык өнүгүү жолуна чыгышы үчүн кеминде 8,5 миллиард доллар инвестиция талап кылынарын адистер мурда эле эсептеп чыгышкан. Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, ири инвестициялар негизинен тоокен, энергетика тармагына келмекчи.

- 2010-жылга чейин тоокен менен энергетика тармагына 4,5 миллиард доллар инвестиция келет деген биздин эсептерибиз бар. Бул ошол эле «Жерүй» менен «Талдыбулактын» сол жээги. Буюрса, булар 2010-жылга чейин иштей баштайт.

1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов болсо саясий талаш-тартыштарды токтотуп, «экономика жасаш» керек деп эсептейт. Экономикалык милдеттер, анын эсебинде, мына булар.

- Мынабу экономиканы ким алдыга жылдырат? Ушинтип 21-кылымда койдун артынан эшек айдап жүрө беребизби? Кичине экономика жасаш керек го. Заводдорду куруш керек, жолдорду салыш зарыл.

Өкмөт башчы Азим Исабеков жагдайдан чыгуунун амалы катары мамлекеттик чыгымдарды кескин азайтуу керек, деген пикирде.

- Жок эле дегенде республиканын бюджетинин киреше жагын 20% көбөйтүшүбүз зарыл. Ал эми чыгаша жагына келсек, аны 10% кем эмес азайтышыбыз керек. Ошондо гана биз карыз жүгүн өзүбүз кыйналбагыдай жеңилдете алабыз.

Сырттан ири инвестициялар тартуу, мамлекеттик ыгым-чыгымдарды азайтуу аракети экономика натыйжалуу башкарылган шартта ишке ашчу милдет. Коррупция күчөп, «көмүскө экономиканын» арааны ачылып турган чакта сырттан инвестиция агылып кирет деп айтыш да кыйын. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун пикиринде, карызды кыйналбай төлөп берүүгө жарай турган каражат булактары толтура.

-«Көмүскө экономика» эгер ачыкка чыгарылса 10 – 12 миллиард сом бюджетке кошумча түшөт. Андан тышкары бажы тармагында канча акча жүрүп жатат.

Парламент депутаты Темир Сариев да «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу биртоп проблемаларды кыйналбай чечүүгө шарт түзөр эле деген пикирде.

- Салык саясатынын туура эместигинен кош бухгалтерия түзүлүп, салыктан качуу орун алууда. Мунун баары экономикага таасирин тийгизип жатат. Анан да ал абдан чоң кыйынчылыктарды туудуруда.

Темир Сариев экономика өсүш үчүн иралды коррупцияны, бийликтин өзүндөгү коррупцияны азайтуу зарыл, дейт. Ал эми бул бийлик Т.Сариевдин пикиринде, коррупцияланышы жагынан мурдагы бийликтен айрмаланбайт.

HIPC программасына кирүү-кирбөө жүрүш, пикеттерди, талашты чакырып, экономикалык маселе саясий проблемага айланган болчу. Алган карызды кайтаруунун HIPCтен айырмаланган программасын иштеп чыгууга же сунуш кылууга карата андай кызуу талаш-тартыш байкала элек.

XS
SM
MD
LG