Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

ЖАЛАЛАБАТТА “АТА МЕКЕНЧИЛЕР” БИРИККЕН ФРОНТКО ӨТҮҮДӨ


«Ата Мекен» партиясынын Жалалабат облусундагы мүчөлөрү жана жашыруун калууну каалаган казыналык мекемелердин кызматкерлери «Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» Бириккен Фронттун талаптарын колдошууда. Алар мындай пикирлерин партиянын шаардык бөлүмү жүргүзгөн сурамжылоодо айтышкан. Саясий уюмдун облустагы жетекчилери «Ф.Кулов өкмөт башчы болбой калган соң, тандемдеги экинчи адам К.Бакиев да кызматтан кетүүсү керек жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо зарыл» деп эсептешет. Облустагы бийлик өкүлдөрү менен айрым адамдардын ойлору боюнча шайлоочулар тандем үчүн эмес, К.Бакиев үчүн добуш беришкен жана президенттик шайлоонун кереги жок.

«Ата мекен» партиясынын Жалалабат облусундагы мүчөлөрү «Келечеги кeң Кыргызстан үчүн» бирдиктүү фронтунун катарына өз ыктыярлары менен өтүүдө. Саясий уюмдун облустагы жоптуу катчысы Асылбек Текебаевдин айтымында, aтамекенчилер бирдиктүү фронттун талаптарын өз ара талкуулашып, кубаттоого алышкан. Алардын пикиринде өлкөдө Конституциялык реформа толук ишке ашпай, социалдык-экономикалык реформа чалажан жүрүүдө. Ф.Кулов өкмөт башчы болбой, тандемдин шарты бузулган соң, президент К.Бакиев да кызматтан баш тартуусу керек деп эсептейт Асылбек Текебаев:

- Биз Жалалабат облустук “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү тандем бузулуп, Кулов отставкага кеткенден кийин тандемдеги түзүлгөн макулдашуу боюнча президент Бакиев дагы Жогорку Кеңеште өзүнүн отставкасы жөнүндө арызын бериши керек деп эсептейбиз.

Казыналык кызматкерлер азыркы бийликке нааразы экендиктерин партиянын Жалалабат-Сузак аймактык бөлүмү жүргүзгөн сурамжылоого жашыруун түрдө айтышкан. Анткени алар кызматтарынан айрылып калуудан коркушат дейт аймактык бөлүмдүн төрагасы Ильич Нарматов. Ал президент өз ыйгарым укуктарын токтотпосо, коркунучтуу окуялар болуп кетүүсү ыктымалдыгын айтты:

- Эгерде Жогорку Кеңеште Бакиев өзү келип өзүнүн полномочиесин алып таштабаса, өз ыктыяры менен кетпесе өтө коркунучтуу окуяга алып келиши мүмкүн. Биринчиден, бюджеттин адамдары бюджеттен акча алышат. Ошондуктан өз ишинен айрылгысы келбейт. Айрылган күндө кайсы жака барышат. Ошондуктан ичинен сызышып, эгер силер ушуну колдоп чыга турган болсоңор биз да даярбыз деп өзүлөрүнүн ойлорун айтып отурушат.

Облустагы аялдар кеңешинин төрайымы Айчүрөк Абылкасымованын пикири боюнча президенттик шайлоодо «Бакиев+Kулов тандеми» деген бюллетень берилбесе, эл кайдан тандем үчүн добуш бермек? Анын болжошунча тандем болбосо деле К.Бакиев элдин көп добушун алмак. Ал Конституциялык реформанын кемчилиги катары депутаттардын кол тийбестик укугу сакталып калгандыгын билдирди:

- Президенттик шайлоо өткөрүүнүн эч кандай кажети жок. Президенттик шайлоо өткөрсө эл кайра эле Бакиевди шайлайт. Анткени, Бакиевдин өзүнүн командасы менен жасап жаткан жакшы иштерин эл көрүп, аябай жакшы баа берип жатат. Ал эми 30да кабыл алган Конституцияда кемчилиги бар. Анткени булардан кол тийбестикти алып салыш керек эле. Президент өзү башында эле айткан мага да, депутаттарга да кол тийбестиктин кереги жок деп. Эмне үчүн муну булар сактап турушат.

Мамлекеттик кызмат агенттигинин түштүк аймагындагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү кызматкери Турусбек Токтосунов бийликтин ишине тоскоол кылбай, аны колдоого чакырды:

- Ал жерде андан башка да кол койгон кишилер бар да. Курманбек Осомнов, Чолпон Баекова бар. Тандем бузулган болсо ошолор да айтыш керек да тандем бузулду деп. Курманбек Салиевич өзү элдин добушун алган. Ошон үчүн ал 5 жыл иштеш керек. Ага жакындары жардам бериши керек.

Жалалабат шаарынын жумушсуз жүргөн жашоочусу Үрүнса Турдиева бирдиктүү фронт белгилеген өлкөдөгү коррупция менен кадр маселесинин өксүгөнү баамдалып турганын белгиледи:

- Көйгөйлүү маселелердин баары күчүнө кирди, коррупциясы да, мафиясы да. Анткени, кандайдыр бир белгисиз себептер менен Акаевдин тушунда жеди-ичти, коррупциянын уясын түздү деген кадрлардын бардыгы майлуу-сүттү жерлерге келип калды, - дедит Үрүниса Турдиева.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG