Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ: МАМЛЕКЕТИБИЗДИН КООПСУЗДУГУНА КОРКУНУЧ ЧОҢ


“Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев “Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши болду. Ал соңку саясий окуялар өлкөдөгү кырдаалды кыйындатат деген чочулоосун билдирди.

- Конституциянын эки ирет өзгөртүлүшү, өкмөттүн кайра түзүлүшү деле соңку окуялар көргөзгөндөй саясий маселелер боюнча талаштарга чекит коё алган жок. Бүгүнкү Баш мыйзам өлкөнүн абалынын оңолуп кетүүсүнө негиз болуп бере албайт деген пикирлер кайрадан айтылып, демилгелер көтөрүлүүдө. Бул күтүлгөн окуя эле. Оппозициянын Бириккен фронт деген жаңы кыймылы ишин баштап жатат. Жагдайды кандай баалайсыз?

- Чындыгында эле азыр Кыргызстанда саясий кырдаал курч, өзүнүн деңгээлине жетип турган учуру. Биринчиден, тандем деп эки жетекчинин чогуу кол кармашып биргелешип иштеп келатканы кандайдыр бир деңгээлде стабилдүүлүктү кармап келген чындыгында, моюнга алышыбыз керек. Бирок премьер-министрдин парламенттен өтпөй калып, анан жанагыдай саясий билдирүү жасап, фронт түзүү демилгеси дагы албетте саясий кырдаалды курчутуп ийди. Буга кошумча болуп Конституциянын акыркы кабыл алынган долбоору көпчүлүк саясий күчтөр тарабынан абдан чоң сынга алынып келатат. Себеби анын ноябрдагы митингде алынган долбоордон көп эле өзгөчөлүгү, айырмасы бар болуп чыгып келди. Муну менен кошо Акаевдин учурундагы Конституциянын ушинтип бурмаланып кабыл алынганына салыштыруу абдан көп орун алып келатат ММКларда дагы. Демек, ушул эки чоң карама-каршылык,( экономикалык, социалдык жагдайды айтып аткан жерим жок,) негизинен Конституциялык реформанын элдин талабына ылайык жүрбөстөн башка нукка чыгып кеткендей көрүнүшү, экинчиден, Куловдун тандемден кол үзүп чыгып өзүнчө фронт түзүүсү, мурун “Реформа үчүн” деген оппозициялык күчтүн жетекчилеринин дагы жарым-жартылайы фронтко кирип, жарым жартылайы өзүнчө иш кылабыз деп аракет кылып атканы, ушулардын бары тең Кыргызстанда кандайдыр бир кыйынчылыкты, оор кырдаалды түзүшү толук мүмкүн деп ойлойм.

- Кандайдыр бир олуттуу жыйынтык бербесе да Акаев доорунда колдонулган бир ыкма бар эле көп форматтуу жыйын деген, оппозиция бийлик, ортомчулар катышкан тегерек столдор болчу эле. Балким ушундай нерсе азыр зарылдыр?

- Биздин КДК партиясы өткөндө “Реформа үчүн” кыймылынын митингисинин астында дагы алгачкылардан болуп билдирүү жасаганбыз. Бүгүн эгерде биз Кыргызстанды ичинен гана карабастан чоңураак масштабда салыштырып өзүбүздүн акыбалыбызды карап көрө турган болсок, азыр мамлекетибизде чоң коркунучтар туулуп турат. Мамлекеттин өзүнүн сакталуусу, улуттун биримдигине ажырым күчөп кетишине тоскоолдук кылышыбыз керек. Ошондуктан четтен баалап Кыргызстандын акыбалына баа бергенге кудуретибиз жетпей жергиликтүү саясатчыларыбыздын көпчүлүгү эле, мындайча айтканда кухнядан форточканы ачып отуруп алып эле баамдап, өзүнчө аракет жүргүзүп атканы адамды кабатыр кылбай койбойт. Бул жерде негизинен эле Акаевдин учурундагыдай конструктивдүү өзүлөрүнүң оппонеттери менен тегерек столду өткөрүп калуусу жагдайды түздөн-түз оңдобосо дагы кандайдыр бир карама-каршылыкты, кырдаалды тескеп туура ооздуктап турууга өзүнүн салымын кошоор эле. Эмнегедир ошондой иш аракеттер бүгүн ишке ашпай атат, көп көрүнбөй атат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG