Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН САММИТИНЕ ДАЯРДЫКТАР КАНДАЙ?


Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтүүчү саммитин уюштуруу комитетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев эл аралык жыйынды өткөрүү үчүн үч баскычта даярдыктар көрүлүп жатканын бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алдыда болуучу саммитте Бишкек декларациясы кабыл алынат. Ал эми саясат таануучу Зайнидин Курманов болсо ШККУнун ар кандай жыйындарында кабыл алынган келишимдер кагаз жүзүндө эле калбай, аны турмушка ашыруу үчүн чечкиндүү кадамдарга баруусу керек деген пикирде.

Президенттин администрациясынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынын Бишкекте өткөрүү үчүн даярдыктардын экинчи баскычындагы иш чаранын пландарын жүзөгө ашыруу багытында аракеттер көрүлө баштаганын билдирди. Анын айтымында, «Манас» аба майданындагы терминалды реконструкциялоо, Манас-Бишкек автожолун калыбына келтирүү, Бишкекти саммитке даярдоо, Улуттук филармонияны оңдоп түзөө, меймандар үчүн маданий программаларды даярдоо, журналисттер үчүн маалымат-борборун уюштуруу, саммиттти өткөрүү үчүн зал, резиденцияда үч мейман үйүн куруу, эл аралык жыйынга келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чаралары көрүлө баштады.

- Шанхай Кызматташтык Уюмунда Бишкек декларациясы кабыл алынат. Жыйынга үч ай мөөнөт калганда биз ошол саммиттин мазмун жагын карай баштайбыз. Ошол мазмундун ичине кайсы маселелер кирет, аны тыкат карап чыгабыз,-деди Мыктыбек Абдылдаев.

Мыктыбек Абдылдаев бир эле учурда эл аралык саясий форумдун жогорку деңгээлде өтүшүнө өлкөдөгү ар кандай саясий иш чаралар тоскоол болбошу керектигин баса белгиледи:

-Кыргыз мамлекетинин аброю туруп аткандан кийин, биз ошону баардыгыбыз терең изилдеп туруп, ушундай эл аралык маанидеги саясий форумду жакшы өткөрүп алсак. Мен ойлойм, бийлик дагы, бийликке кичине оппонент болуп турган тарап дагы муну туура түшүнөт го деп биз ишенебиз.

Айрым саясатчылар ШКУнун саммитинде кыргыз бийлиги мейман тосуу, шаан-шөкөт менен чектелбей, жыйында каралуучу саясий орчундуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушу керектигин айтышууда. Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун көз карашында, ШКУда кабыл алынган документтер турмушка ашырылышы зарыл.

-ШКУ менен биздин мурдатан келаткан маселелерибиз алигиче чечилбей келе жатат. Экономикалык саясат жагынан, бажы, салык, визасыз соода кылуу жагынан маселелер чечилеби, же чечилбейби? Жыл сайын ШКУнун жыйынына бир нече жолу чогулушат. Бир катар документтерге кол коюшат. Андан кийин ошол боюнча кагаз жүзүндө калып, ишке ашпай жатат. Жалаң чиновниктерди багуу менен чектелип келатабыз. Мыкты иштеп атабыз деген түр көрсөтүп жатабыз. ШКУда кабыл алынган, келишилген маселелердин аткарылышына да көзөмөл кылып, ачык айтыш керек. Тымпыйып отуруп калбай.

Зайнидин Курманов ошондой эле алдыда болуучу ШКУнун жыйынында Кыргызстан чек ара маселесин чечип алуусу керектигин айтты.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия Тажикистан, Өзбекстан мамлекеттери мүчө. Ал эми байкоочу мамлекеттердин катарына Индия, Иран, Пакистан, Монголия өлкөлөрү кирет. ШКУнун Бишкек саммитин август айында өткөрүү болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG