Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

ЭНЕРГЕТИКА ЭМНЕГЕ МУКТАЖ?


Кыргызстандагы энергетикалык жабдуулардын теңинен көбү эскирип, жаңы кубаттуулуктар кыйла жылдан бери ишке кире элек. Чет эл инвестициясы тармакты кыйгап өтүүдө. Эгер жагдай азыркы абалынан өзгөрүлбөсө жакынкы эки-үч жылда өлкө экономикалык өнүгүшү үчүн электр энергиясын сырттан сатып алууга мажбур болуп калышы толук ыктымал.

Кыргызстандын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри Игорь Чудиновдун айтуусунда, орусиялык “Интер РАО ЕЭС” компаниясы менен “Камбарата - 1” менен “Камбарата – 2” ГЭСтеринин курулушу боюнча сүйлөшүүлөр ушул жылдын март айынын ортосунда башталат.

- Биз курулуштун техника-экономикалык негиздемесин даярдоого жалаң орусиялык же казакстандык компаниялар эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон компания да катышуусун каалайбыз. Кыязы, бул “Электр станциялары” АК болот го.

Өткөн жылы кыргыз-орусиялык өкмөттөр ортолук комиссиянын Бишкектеги жыйынынан соң Камбаратадагы эки ГЭС курулушунун техника-экономикалык эсеп-чотун түзүү иштери жакын арада башталары айтылган. И.Чудиновдун маалыматына ишенсек, быйыл кагаз жумуштары бүтүп, эмдиги жылы гана курулушту ким улантары айкындалмакчы.

Кыйладан бери кеп болуп келаткан “Камбарата -1”, “Камбарата - 2” ГЭС долбоору каржылык кыйынчылыктын айынан токтотулуп, кийин мыйзам тоскоолдугуна кабылган. Нарын дарыясындагы ГЭСтердин түгөл баарына өзгөчө статус берип, аларды жеке менчикке берүүгө болбостугу мыйзам негизинде ырасталгандан бери Камбаратадагы токтоп турган курулуш улантылбай калган. Парламент мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин талкууламакчы болуп, өткөн жылы маселени кийинкиге калтырган.

Жаңы түзүлгөн өнөржай, энергетика жана отур ресурстар министрлигинин жетекчиси тармактагы абалды жакшыртуунун дагы бир жолу катары тариф саясатын так аныктап алуу зарылдыгын көрсөттү.

- Тарифтер көтөрүлүп атат дешет. Сом менен алганда ошондой көрүнүшү мүмкүн. Долларга которгондо 1996-жылдан бери тариф болгону 15% гана көтөрүлдү. Тезинен орто мөөнөткө ылайыкталган тариф саясатын аныктап алуу зарыл. Тарифтин жогорулашы элдин капчыгына оорчулук келтирбесин, бирок да ансыз тармакты алдыга жылдыруу кыйын.

И.Чудинов электр энергиясына тарифтер жыл сайын 12% көтөрүлүп турушу керек дейт.

- Айына 1% көтөрүлүп турса эл аны анча деле оор көрбөйт,- дейт министр И.Чудинов.

Быйылтан тарта “Электр станциялары” ачык тендер өткөрүп, Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып ала тургандыгын акционердик коомдун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков маалым кылды. Бишкек жылуулук борборуна эмдиги кышка карата 800 миң тонна көмүр сатылып алынат. Ал эми быйыл апрель-май айларында Казакстанга 200 миллион киловат саат электр энергиясы сатууга коюлат.

- Биз эң төмөнкү бааны – 1 киловат саат электр энергиясына 1,5 центтен койдук. Анан буюрса кезектеги тендерди майда дагы өткөрөбүз,- деп айтты С.Балкыбеков.

Ушу тапта Кыргызстанда 14 миллиард ашуун киловат саат электр энергиясы өндүрүлөт. Анын 5 миллиарды коммерциялык-техникалык жоготууларга кетет. Мындан келди жалгыз “Күрпсай” ГЭСи талаага иштеп, ортодогу оңор эмес акча электр энергиясын бөлүштүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө түшүп, кирешелүү делген тармак карыздан башы чыкпай келатат.

XS
SM
MD
LG