Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:39

БАРАК АНКЛАВЫНДА ЧЕГАРА ТОСКООЛДУКТАРЫ КҮЧӨДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Өзбекстандын аймагы менен курчалган кыргыз анклавы Барак айылынын тургундары коңшу өлкөнүн чегара кызматы ары-бери каттаган кыргыз жарандарынын жол катташына тоскоолдуктарды келтирип кыйнап жатат деген мазмундагы кезектеги арыз катын кыргыз өкмөтүнө жолдошту. Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев болсо визасыз эркин катташуу боюнча эки тараптуу макулдашуу күчүнө киргендигине карабастан өзбек чегарачылары чегарадан өтүү эрежелерин жеңилдетпей жатат деп билдирди.

Ош облусунун Карасуу районуна караштуу Барак айылы туш тарабынан Өзбекстандын аймактары менен курчалып турат. Барак айылынын тургуну райондун борборуна келиш үчүн жана кайтаарда коңшу өлкөнүн төрт чегара тосмосунан өтүүгө аргасыз. Айыл тургундары 60 күнгө чейин визасыз эркин катнашуу боюнча эки тараптуу макулдашуу кабыл алынгандыгына карабастан кайра тескерисинче Өзбекстан тараптан чегара тоскоолдуктары ашкере күчөгөндүгүн билдиришти:

- Чегарадан өткөндө бизде оордук болуп атат. Өзбек чегарачылары бизди кыйнап өткөрөт. Барак айылына кире бергенде пост коюп алышкан. Ошол постту алдырып салышыбыз керек. Кыргызстандын посттору жакшы, - деди Барак анклавынын тургуну Таалайбек Кайыпназаров.

Ал эми дыйкан чарба жетекчиси Үркүнбай Салиев болсо өздөрү өстүргөн айыл чарба продукциясын Барак анклавынан сырткары Карасууга алып барып сатууга да жолдогу өзбек чегарачылары уруксат беришпестен, кээ бир учурларда тартып алып коюп жатышат деп арызданды:

- Жашоо турмуш абдан кыйын болуп атат. Анклавдагы өзбек чегарачылары адамдарды аябай кыйнап, өстүргөн айыл-чарба продуктубузду өткөрүшпөйт, курулуш болбой атат, туугандарыбыз биз менен учурашканы келалбай жатат. Абдан эле кыйын. Чоңдор чечишип бизге коридор берсе жакшы болот эле.

Барак анклавындагы абалды мисал келтирген Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев болсо Өзбекстандын чегарачылары макулдашуунун шарттарын одоно бузушуп, ал эми Анжиян облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогорудагы маселе боюнча расмий кайрылууну тоготпостук менен жоопсуз калтырып жатышат деп айыптады:

-Мамлекеттер ортосунда эки президент кол койгон келишим иштей баштаганына карабастан чегарада турган бюрократтардын кетирген кемчиликтеринен эл нааразы болуп атат. Коңшу өзүмдүн коллегаларыма телефон аркылуу, кат аркылуу кайрылып атам. Алардан эч кандай жооп жок.

Барак анклавынын жашоочулары кыргыз өкмөтүнө болгон кайрылуусунда Кыргызстандын аймагы менен байланыштырган жол коридорун ачып берүүгө расмий Ташкенди көндүрүүнү суранышты.

XS
SM
MD
LG