Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

ОРУСИЯНЫН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ САЯСАТЫ ӨЗГӨРӨБҮ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада палестиндик башкаруучу топтун лидери Халед Машаал менен болгон сүйлөшүүлөр шейшембиде аягына чыкты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон жолугушуудан кийин топтун жетекчиси Машаал журналисттер алдында өзү жетектеген ХАМАС уюму Израил мамлекетин таанууга даяр эмес деп билдирди.

Ошону менен катар Машаал палестиндик өкүмөт келечеги - улуттук биримдикте жана ал өз максатына жетүүдө зордук зомбулукка барбайт деди.
Өз кезегинде орусиялык министр Лавров – «Фатх» жана ХАМАС өкүлдөрүнөн турган бирикмелүү өкүмөт түзүүгө жана Палестин автономиясына карата болгон эл аралык экономикалык тоскоолдуктун алынып салынышына Орусия таасир этүүгө даяр деди.

Палестиндик ХАМАС кыймылы эл арлык деңгээлде террордук уюм деп таанылган. Ошол эле палестиндик автономиялык түзүлүштө кезегинде маркум Арафат негиздеген экинчи «Фатх» деген кыймыл бар. Экөө тең Израил мамлекети менен кармашта. Айырмасы «Фатх» - Израилди мамлекет катары таанып, ХАМАС – жок деп келет.

2006-жылы январда өткөн парламентти шайлоодо ХАМАС көп орунду жеңип алып өкүмөт уюштурган. Орус бийлиги АКШ, Евробиримдиги, Израил жана башка өлкөлөр террордук уюм деп эсептеген ХАМАСтын ишкердигин – аларды эл шайлады деп саясий күч катары кабылдоодо.

Ошол ХАМАС кыймылынын саясий бүйрөсүнүн жетекчиси ырасмий түрдө Орусиянын чакыруусу менен Маскөөгө келип эки күн жүрүп кетти. Анализчилер Кремлдин бир эле палестиндик ХАМАС эмес Ливандык «Хезболла» кыймылына да мамилеси жылуу экенин жана Ирандын ядролук программасын кантип канатынын алдына калкалаарын айтышат. Бул аракеттери менен орусиялык бийлик өз таасирин Жакынкы жана Орто Чыгышка жайылтууну көздөп атат дешет.

Кеткен айдын башында араб өлкөлөрүн кыдырып жүрүп Орусиялык президент Владимир Путин араб өлкөлөрү менен алакабыз «жакшы же эң жакшы» деп айткан:

«Биз араб досторубуз менен болгон өзгөчө мамилебизди, бул аймакта өзүбүздүн таасирибизди колдонууга ниеттенебиз», - деген.

Ал сапарында Путин палестиндик «Фатх» кыймылынын жетекчиси Махмуд Аббас менен жолуккан. Бул жолу Маскөөгө чакырылса да ХАМАС кыймылынын жетекчиси Халед Машаалды орусиялык президент кабыл алган эмес.

Анализчилер ошондон улам аны менен Маскөө Батышка палестиндик радикалдык кыймылды ошончо эле коюн колтук алыша сыйлап ийбешин билгизди дешет. Ошону менен катар палестиндик кыймылдардын экөө менен тең байланышы бар экенин Кремль көргөзө алды дешет.

Дагы бир пикирде Кремль азыр мусулмандар дүйнөсүнүн ишенимине кыйла кирип калганы айтылат.

«Орусия эми Израилге каршы эмес, бирок өтө арабдык, өтө мусулмандык көз карашка өтүп атканы айдан ачык», - дейт Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко.

XS
SM
MD
LG