Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ОРТОСУНДА КАТУУ ЧЫР ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Саясий партиялардын региондордогу өкүлчүлүктөрүнө жана мүчөлөрүнө этикалык тарбия керек. Болбосо бийликти жактаган партиялар менен оппозициялык көз караштагы партия мүчөлөрүнүн ортосунда катуу чыр чыгышы ыктымал. Мындай тыянак пикирге бир катар саясий партиялардын борбордук кеңсесинен келишкен өкүлдөр Баткен коомчулугу менен жолугушуу учурунда келишти. Жыйында «Жаңы Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү, «Ата Мекен» жана «Ар Намыс» партияларынын лидерлерине катуу сын пикирлерди айтышып, аларды сүйлөтпөөгө аракет жасашкан.

Баткен облустук акимчилигинин жыйындар залында өткөрүлгөн баарлашуу форумуна «Ар Намыс», «Эмгек жана Биримдик», «Содружество», «Жаңы Кыргызстан», «Асаба» жана «Ата Мекен» партияларынын борбордук комитеттеринен келген өкүлдөр катышышты. Алар Кыргызстандын жаңы Конституциясынын чегинде саясий партиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле учурдагы саясий кырдаал тууралуу пикир алмашышты.

Баарлашуу жүрүп жаткан кезде, бийликти жактаган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү тарабынан “Ар Намыс” жана “Ата Мекен” партияларынан келгендерге, учурдагы саясий кырдаалды курчутууга күнөөлүү экени айтылып, катуу сын пикирлер тагылды:

- Биз Курманбек Салиевич үчүн каныбызды да, жаныбызды да беребиз, - деди “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Баткен райондук бөлүмүнүн төрагасы Тыныбек Сейитов.

Дагы бир “Жаңы Кыргызстанчы” Разия Өсөрова болсо, «Ата Мекен» партиясынын облустук бөлүмүнүн төрагасы Хайит Айкыновду сүйлөтпөөгө аракет кылды:

- Хаит сен Баткенде туулуп өскөнсүң, Баткендин жарым жерин приватташтырып алгансың. Сен экинчи Текебаевсиң, бетиңе айтам.

«Ар Намыс» партиясынын борбордук комитетинен келген Бөдөш Мамырованын баамында, кээ бир партиялар өзүнүн деңгээлинин төмөндүгүн жана аларды бир адамдын же бир кландын партиясы экендигин анык көрсөттү:

- Мен ушул жерге чогулган карапайым кишилерди күнөөлөбөйм. Алар түшүнбөйт, айта берет. Мунун негизи жогору жакта турган лидерлеринде болуп атат. Кандай түшүнүк берсе, кандай саясат жүргүзсө ошону айтып атышат. Текебаев чыккынчы, бети жок деген сөздөргө каршымын. Биз укуктук мамлекетке түшүшүбүз керек. Ар бир атуулдун беделине тийишкендиги үчүн ар бир адам жооп бериш керек. Аксакалдарды биз кантип жооп бер дейбиз. Ошону билип туруп лидерлер аларды сүрөп келген. Мындай партиянын келечегинен жакшы нерсени күтө албайм. Ал бир кландын, региондун, бир уруунун, топтун партиясы. Биз мындан алыс болушубуз керек. Колхоздун чогулушу да мындай болуп өтпөйт, - деди «Ар Намыс» партиясынын Түштүк региону боюнча координатору Бөдөш Мамырова.

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын координатору Дүйшөев Тураттын айтымында, саясий партиялар жөнүндө мыйзамга этикалык кодексти киргизүү зарыл:

- Мыйзам кабыл алыш керек деген сунушту колдойм. Себеби көп партиялар бири-бирине туура эмес маалымат берип, туура эмес мамиле кылган учурлар болуп кетип атат. Кээ бир учурда бийликти жактаган партиялар оппозициячыл партияларды шыбап, туура эмес ыплас сөздөрдү айтып атат. Ага чек коюш керек экен.

Баарлашуу жыйынында жергиликтүү өкүлдөрү тополоң салган «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Бишкектен келген аткаруу комитетинин орунбасары Абдыжапар Абдыкеримов партиялаштарынын этикасы жөнүндө суроого мындай жооп кайтарды:

- Анча-мынча бизде сөз болуп кетти, аны биз партиялаштарыбызга эскертип айттык. Президент кетсин деген сөздөр менен чыкканында негизинен эмоцияга алдырып атышат. Аны биз эскерттик, мындан кийин мындай нерселер болбойт.

Адам укугу жана демократия борборунун Баткен облустук бөлүмүнүн жетекчиси Акматов Абдималик, буга чейин да бир канча жолу саясий партиялар жөнүндө мыйзамга этикалык нормаларды киргизүүнү сунуштаганын билдирди.

-Бир нерсени байкап келебиз, партиялардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгууда. 1999-жылы кабыл алынган мыйзамга саясий партиялардын этикалык кодексин кабыл алып алса, пикир келишпестиктер, конфликттер кыскарат эле. Мыйзамдын долбооруна ушул нерсени сунуштадым.

XS
SM
MD
LG