Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

БОЗЭМЧЕК АЛТЫН – ЖЕЗ КЕНИ КИМГЕ ТИЕШЕЛҮҮ?


Эл аралык Reuters агенттиги Казакстанда алтын казып жаткан Eurasia Gold компаниясы Тажикстандын күмүш, ал эми Кыргызстандын алтын жана жез кендеринин допэмиссияларын Лондондогу дүйнөлүк биржага коюуну көздөп жаткандыгын жазып чыккан. Кыргызстандагы геология боюнча мамлекеттик агенттик бул маалыматты төгүнгө чыгарып, Жалалабад облусунун аймагында жайгашкан алтын-күмүш-жез кенин казууга Казакстандык “Демикс голд” компаниясы лицензия алгандыгын билдирүүдө.

Алабука районундагы Сумсар тоокыркаларына жайгашкан Бозэмчек кени Кыргызстандагы ири кендердин бири болуп саналат. Алдын ала жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөр боюнча анда 16,4 тонна алтын, 122 тонна күмүш жана 83 миң тоннадан ашуун жез бар. Бозэмчек алтын-күмүш-жез кенин казып алууга Казакстандык “Демикс голд” компаниясы уруксат алган. Мамлекеттик геология агенттигинин геология жана инвестицияларды тартуу башкармалыгынын башчысы Леонид Оселедконун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, аталган компания учурда кенди иштетүү тууралуу долбоор түзүүнүн үстүндө:

-Кенди иштетүүгө 2006-жылдын 6-сентябрында уруксат лицензиясын алышкан. Бул кендин негизги бөлүгү. Ага чейин аларга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Калган бөлүктөрүнө да геологиялык-чалгындоо иштери жүргүзүлүп жатат,-деди Леонид Оселедко.

Мамлекеттик ресурстар тууралуу мыйзам боюнча кенге алдын ала изилдөө жүргүзүп, аны тапкан ишкана кенге ээлик кылууга укуктуу. Адистердин айтымында мындай иш-тажрыйба дүйнөлүк практикада да бар. Ушул себептүү Бозэмчек алтын-күмүш-жез кенине да “Демикс голд” компаниясы ээлик кыла алат. Бирок мамлекет өз үлүшүн алууга толук укуктуу жана милдеттүү. Буга байланыштуу
Кыргызстандагы тоо-кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев төмөнкүлөрдү айтып берди:

-Кенден түшкөн пайданы бөлүшүү, салыктарды төлөө, кенде иштөөчү жумушчулардын 80-90% жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн алуу тууралуу келишимдерди түзүүгө мамлекет милдеттүү да укуктуу. Анткени байлык биздики.

Апта башында “Рейтерс” маалымат агенттиги Казакстандын алтын кенин иштетип жаткан Евразия голд компаниясы Бозэмчек алтын-күмүш-жез кенин Лондондогу биржага коюп сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу жазып чыккан. Мамлекеттик геология агенттигинин геология башкармалыгынын жетекчиси Леонид Оселедконун айтуусунда Бозэмчек алтын-күмүш-жез кенине “Евразия голд” компаниясынын эч кандай тиешеси жок:

-Бизде кендер сатылбайт жана сатылып алынбайт. Бул мамлекеттин менчиги. Ал эми “Демикс голд” компаниясынын Мукашевдерге жана Евразия голд компаниясына кандай тиешеси бар, ал тууралуу маалыматым жок, -дейт Леонид Оселедко.

Адистердин айтуусу боюнча алтын жана жез кендери көп учурда чогуу, бир жерде болот. Алсак, Андаштагы, Талдыбулактагы алтын кендеринде да жездин кошулмасы көп.

Учурда дүйнөлүк базарда жездин бир тоннасы 6500-7000 доллар турат. Ал эми алтындын бир унциясы 600 доллардан ашуун.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG