Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИ НАЗАРБАЕВ ЭЛГЕ КЕЗЕКТЕГИ КАЙРЫЛУУ МЕНЕН ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 28-февралда казак президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин эки палатасынын биргелешкен сессиясында сүйлөп, элге кайрылуу менен чыкты. Анын айтымында, Казакстан өзгөчө жол менен өнүгүп, саясий жана экономикалык реформаларды шашпай, бирок туруктуу ишке ашырат.

Мындан бир жыл мурда, 2006-жылдын 1-мартында элге кезектеги кайрылуу жасаганда, президент Нурсултан Назарбаев - Казакстанды дүйнөнүн эң өнүккөн 50 мамлекетинин катарына кошуу стратегиясын жарыялаган. 28-февралдагы сөзүндө болсо Назарбаев - өлкө алдында келерки 10 ичинде турган маселелер жөнүндө сүйлөдү. Анын айтымында, 2008-жылга чейин өлкөнүн дүң өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүү туралуу 2000-жылы коюлган максатка жетүү толук мүмкүн.

Ушул сыяктуу экономикалык маселелерди чечүү менен Казакстан дүйнөлүк экономикага кеңири аралашканы менен өзүнүн, өзгөчө казак жолу менен өнүгүүгө тийиш жана саясий реформаларды шашпай, акырындап жүргүзүш керек. Ошондуктан, анын айтымында, Казакстан президенттик республика бойдон калат: "Казакстан президенттик республика болуп, анын бийлиги президенттик бойдон калаарын эч ким күмөнгө салган жок", - деди Назарбаев.

Аны менен катар өлкөнүн башка бийлик бутактары, анын ичинде парламенттин укуктары дагы кеңейтилүүгө тийиш: "Конституциялык кеңеш, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Эсептөө комитетинин мүчөлөрүн дайындоодо парламенттин укуктарын кеңейтебиз. Өкмөттү түзүү маселесинде дагы парламенттин мааниси жогорулатылат. Жалпысынан алганда, бюджет маселелерине көзөмөл салууга толугу менен парламент жооптуу болот", - деп билдирди казак президенти.

Ошол эле учурда саясий партиялырдын мааниси дагы көтөрүлүш керек жана парламенттеги фракцияларга көбүрөөк укук берилүүгө тийиш. Парламенттин эки палатасынын биргелешкен сессиясында чыгып сүйлөөр алдында Назарбаев өзүнүн даярдаган сөзүн "Нур отан" партиясынын жыйынында окуп берип, партия мүчөлөрүн аны менен тааныштырды.

Назарбаев социалдык маселелерге да кеңири токтолду. Анын айтымында, 2008-жылдын 1-январынан тартып пенсиялардын негизги бөлүгү бир айлык керектөө бюджетинин 40 пайызына чейин көтөрүлөт жана жыл сайын өзгөртүлүп, инфляция деңгээлинен такай эки пайыз өйдө болуп турат. Бардыгы болуп келерки жылы социалдык долбоорлорго бир миллиард доллар сарпталат.

2008-жылдан тартып ар бир үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир бала үчүн 280 доллар төлөнөт, бала баккан энелерге чегерилген жөлөк пулдун өлчөмү биринчи бала үчүн 80 пайызга, ал эми төртүнчү бала үчүн 153 пайызга көтөрүлөт. Андан тышкары Назарбаев Казакстанды үч тилдүү коомго айлантуу керек деп да билдирди, казак тили - мамлекеттик тил, орус тили - улут аралык тил, ал эми англис тили - глобалдык экономикага катышуу тили болууга тийиш.

Жалпысынан алганда, Назарбаевдин айтымында, Казакстанды кеңири өнүктүрүп, эл аралык сахнадагы анын кадыр-баркын, саясий жана экономикалык салмагын көтөрүш керек.

XS
SM
MD
LG