Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

ВЕНЕЦИЯ КОМИССИЯСЫ ОҢУН ДА, СОЛУН ДА УКТУ


Венеция комиссиясынын өкүлдөрү Кыргызстанда болуп, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча пикирлерди угуп кетти. Эми комиссия Кыргызстандын Конституциясы боюнча өзүнүн бүтүмүн иштеп чыгыш керек.

Венеция комиссиясынын катчысы Жанни Букиккио баш болгон делегация алгач Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдар жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, конституциянын жаңы редакциясы боюнча алардын пикирлерин укту. Жолугушууга катышкан «Адилет» юридикалык уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова атуулдук коомдун өкүлдөрү тарабынан кандай пикирлер айтылганын «Азаттыкка» маалымдады:

-Венеция комиссиясынын мүчөлөрү өздөрү пикир айткан жок. Алар бизди угушту. Биздин көпчүлүгүбүз конституциянын жаңы редакциясына карата сын пикирлерди айттык. Өзгөчө бийлик балансынын сакталбашы, сот системасы, прокуратура боюнча жоболор сынга алынды.

«Кылым шамы» уюмунун башчысы Азиза Абдрасулованын маалымдоосуна караганда, ал өзү жолугушууда өзгөчө Конституцияны кабыл алуу ыкмасына тынчсыздануусун билдирген:

-Наталья Аблова, мен укук коргоочу катары кабыл алуу процедурасы тынчсыздандырып жатканын айттык. Анткени, кабыл алуу процеси туура эмес болгондуктан, андай окуялар эртеңки күнү кайталана берет дегенге жатат.

Азиза Абдрасулованын айтымында, жолугушуунун катышуучулары өткөн жылы 30-декабрда кабыл алынган Конституцияны сындоо менен андагы жакшы өзгөрүүлөрдү да белгилешкен:

-Жакшы жетишкен жактарын белгилөө менен кемчиликтерге көбүрөөк токтолдук. Жетишкен жагы Конституцияда өлүм жазасына жол берилбешин атадык. Гүлнара Искакова 2003-жылдагы Конституцияга караганда азыркы Конституция жакшы деп айтты. Эксперт катары анын оюу ошондой болду.

Венеция комиссиясынын делегациясын шаршемби күнү президент Курманбек Бакиев да кабыл алды. Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев жолугушуунун жүрүшү тууралуу буларды билдирди:

-Президент кабыл алганда мен катышып отурдум. Анда алар болгон билимибизди жумшап, сунуштарды берүүгө даярбыз деп айтышты. Ошол эле.

Парламентте депутаттар менен жолугушууда Венеция комиссиясынын өкүлдөрү Конституциянын иштөөсүн камсыздоочу мыйзамдарды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилеген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиев маалымдады:

-Негизи алар Конституция кабыл алыпсыңар бул алга кадам дешти. Бирок эми көп мыйзамдарды кабыл алышыңар керек. Бул багытта биз жардам берүүгө даярбыз дешти.

Маалыматка караганда, президент Венеция комиссиясына Конституциянын жаңы редакциясына өз баасын беришин өтүнүп кайрылды. Эми комиссия аны талдап, өз бүтүмүн чыгарып бермекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG