Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

КЫТАЙДЫН ЭКОНОМИКАСЫНЫН ПАЙДУБАЛЫ БЕКЕМ


Дүйнөлүк акция базарларында баалардын кескин төмөндөшү Шанхай биржасынын кыска мөөнөткө кыйрашына алып келди. Бул Кытайдын дүйнөлүк экономика менен эриш-аркак болуп калгандыгын көрсөттү. Ал тургай Нью-Йорктун биржасы да катуу запкы тартып калды.

Соңку окуялар эки нерсени, дүйнөлүк экономиканын канчалык глобалдашканын жана бул экономикада Кытай канчалык олуттуу роль ойной тургандыгын айгинеледи.

27-февралда Шанхай биржасы 9 пайызга түшүп кетти. Буга бааларды жасалма көтөрүп жатат деген шектенүү менен Кытайдын өкмөтү бул өсүштү чектөөгө аракеттениши мүмкүн деген имиш кептер түрткү болду. Шанхайдагы дүрбөлөң дароо Тынч океандын акваториясына таркады. Ал тургай адатта кебелбес Нью-Йорк биржасы оңкосунан кулады.

Биржанын негизги көрсөткүчү болгон Доу Жоунс Өнөр жай индекси 2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Европадагы негизги биржалар да орто эсеп менен 3 пайызга төмөндөдү.
Дүрбөлөңдүн залдары эртеси да билинди.

Австралияда, Жапонияда, Гон-конгдо жана Түштүк Кореяда бардык биржалар төмөнкү көрсөткүч менен ачылды. Күн узарган сайын, Европада да баалуу кагаз баалары төмөндөп жатты. Бир эле мезгилде Шанхайдын өзүнөн оңолуунун белгилери байкалып жатты. Дөө-шааларды жүрөк заада кылган бул окуялар тууралуу билермандар эмне дешет?

Арт Хоган Нью-Йорктогу финансы аналитиктеринин Жефриз фирмасынын маркетинг боюнча башкы стратеги. Ал Кытайда дүйнөлүк инвесторлорго болгону мындан эки жыл мурда ачылган Кытайда баалуу кагаздар базары жыл сайын эки эсеге өсүп келгенин белгиледи. Ал эми акыркы окуяларды салыштырмакка карап көрсөк, соңку эки жумада биржа 13 пайызга өскөн, бирок бир түндө 9 пайыздан ашык түшүп кеткен.

Кытайдын эң маанилүү акция базары болгон Шанхай биржасындагы дүрбөлөңгө жана анын бүт дүйнөдө сезилген кесепеттерине карабастан, эксперттер келечекке ишенимдүү карашат.

Арт Хогандын пикиринде, акция базалары айлампа менен өнүккөндүктөн, мындай өйдө-төмөн өзгөрүүлөрдү такыр болтурбай коюу мүмкүн эмес. Кытайлык инвесторлор да катуу туруп жатышкандай. Алардын бири Лин Ройтерс сыналгысына мындай деди:

– Мен акция базарынан көңүлүм калды деп айта албайм, Кытайдын экономикасы улам өйдөлөп баратат. Эгер акция базары кыcкарса, демек арзандап кеткен акцияларды сатып алууга мезгил келди. Мындай кризисте акция базарлары тазаланып алат, анан кайра көтөрүлгөндө байдубалы бекемирээк болот. Акциялардын баасы тынымсыз өсө берсе, мындан инвесторлордун белгилүү бөлүгү гана утат эмеспи. Ошондуктан, маал - маалы менен алган багытыбызды түздөп тууралап алганыбыз оң.

Акыркы 10 жылдагы глобалдык финансы кризистери Кыргызстанды кыйгап өтүп келатат. Себеби өлкө али финансы базарларына анчейин аралаша элек.

XS
SM
MD
LG