Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

2-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун 1992-жылдын 2-март күнү өткөн Генералдык Ассамблеясынын 46-сессиясында Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. «Келечек» депутаттык тобу сунуш кылган депутат Марат Султанов 2006-жылдын 2-мартында Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланды.

Казакстандагы жуттан качкан адамдар 1932-жылдын бу күндөрү Фрунзе шаарынын Жумушчулар шаарчасы аталган районго орун ала башташты. Шаарчанын борборунда «Париж», «Берлин» жана «Нью-Йорк» аталыштагы соода чатырлары орнотулуп, анын айланасына жер которгон казактардын 200 чамалуу алачыктары тигилген. Жумушчулар шаарчасынын азыркы паркы жайгашкан жерге жуттан кырылган адамдар коюлуп, тирилик менен өлүм аралашып, башаламандык өкүм сүргөн. Фрунзе шаардык бийлиги шаарчада тартип орнотуу максатында ар кайсыл «париждердин ордуна» маданий мекемелерди, куруп, парк тигүү туурасында чечим кабыл алган.

Кыргызстан аймагын байланыштыра турган Фрунзе-Рыбачье-Нарын-Торугарт-Ош авто жолунун курулушу туурасындагы маалымат 1934-жылдын бу күндөрү коомчулукка маалым болду. Кыргыз АССР ВКП (б) комитети менен Элдик комиссарлар Кеңешинин биргелешип чыгарган чечиминде улуу жолдун курулушу 1935-жылга бүткөрүлүшү каралган. Анткен менен адегенде белгиленген курулуш маршруту өзгөрүп, кийин жол Фрунзе-Карабалта-Суусамыр-Ош багыты менен салынган.

Кыргызстандын 1991-жылдын август айындагы эгемендикке жетиши менен совет мезгилинде «беймаалым республика» атыккан өлкө, эми эларалык мамилелерге катышып, дүйнөлүк биримдиктин өз алдынча өкүлүнө айланды. Кыргызстан Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун 1992-жылдын 2-март күнү өткөн Генералдык Ассамблеясынын 46-сессиясында Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Чечим добуш берүүсү жок, бардык өлкөлөрдүн жактыруусу менен чыгарылып, ушул эле күнү Кыргыз мамлекетинин желеги Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун имаратына салтанат менен көтөрүлдү.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетишине байланыштуу парламентте кризисттик абал жаралып, биринчи шайлоо турунда спикерди шайланбай калган. «Келечек» депутаттык тобу сунуш кылган депутат Марат Султанов 2006-жылдын 2-март күнкү шайлоодо жетиштүү добуш топтоп Жогорку Кеңеш төрагасы болуп калды.

Бу күнү 1931-жылы СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG