Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

ТАТАРСТАН: ПРЕЗИДЕНТ М.ШАЙМИЕВ КЫЗМАТТАН АЛЫНЫШЫ МҮМКҮН


Айрым орусиялык маалымат каражаттары Татарстандын көптөн берки президенти Минтимер Шаймиев жакын арада кызматтан кете турганын жазып жатышат. Бул тууралуу «имиштер» жакында Орусиянын Федералдык кеңеши Татарстан менен Москва ортосунда укуктардын бөлүштүргөн келишимди жактырбай койгондон кийин жаралып олтурат. Ал келишимди президент Шаймиев жактап чыккан эле. Кремль чындап эле шайлоолор алдында айрым региондордогу сөзгө келбеген лидерлерге белги берүүгө аракет кылып жатабы?

- Алгачкы жолу республикада бир уйдун саан сүтү 2006-жылы 3 786 килограммга жетти. Ал эми куш этинин көлөмү 56 000 тоннаны түзүп, 17% өстү.

Бул – Минтимер Шаймиев - Татарстандын президенти. Өткөн шаршембиде ал ушинтип, республиканын парламентинде жылдык билдирүүсү менен чыгып, саан сүт жана эттин көлөмү жөнүндө гана ойлонуп жаткан чакта, айрым маалымат каражаттары Владимир Путин Шаймиевди кызматтан алып, анын ордуна Рашид Нургалиевди дайындаганы жатыптыр деп сүйлөй башташты. Нургалиев азыр - Орусиянын Ички иштер министри.

Чынында, Путин жетектеген бүгүнкү Орусияда бул өңдүү «имиштер» жөндөн-жөн эле чыга бербейт.

Татарстан Шаймиевдин президенттик мезгилинде, Орусиядагы башка региондорго караганда, федералдык борбордон саясий да, экономикалык жактан да алда канча эркинирээк деңгээлге чыга алды. Айрым серепчилердин айтымында, Кремльде Шаймиевдин дал ушул көз-карандысыз саясатын жактырбай, аны токтотууну каалаган күчтөр бар.

Рашит Ахметов – Татарстандын баш калаасы Казандагы «Звезда Поволжья» деген көз-карандысыз гезиттин баш-редактору. Анын айтымында, ушул жылы декабрда болчу парламенттик, анан келерки жылы мартта өтчү президенттик шайлоолор Кремлге көп нерселерге азыртадан эле даярдануу зарыл экенин эскертип жатат. Анткени шайлоолордо Шаймиев өзүнүн республикасындагы 2,7 млн.шайлоочунун көпчүлүк добушун бөлүштүрүп, же топтоп алышы мүмкүн.

- Алар Шаймиевди Мамдумага жана президенттикке өтчү шайлоолорду өз деңгээлинде өткөрүүгө анчалык деле ишенимдүү адам эмес деп тапса керек. Анткени Шаймиев ашкере көз-карандысыз саясатты алып барат. Ал, мисалы, федералдык борбор менен саясий маселелер боюнча соодалашат. Мындай нерселер кечирилбей турганы белгилүү, - дейт Ахметов.

Жакында эле, январда Шаймиев 70 жашка толгондо, орус президенти Владимир Путин аны куттуктаганы Казанга барды. Андан кийин В.Путин перс булуңуна сапар менен барганда Шаймиев анын делегациясынын маанилүү мүчөсү катары аны коштоп жүрдү. Анан арадан эч канча убакыт өтпөй жатып, абал такыр өзгөрүп кетти. Орусиянын Федералдык кеңеши Татарстан менен Москва ортосунда түзүлчү келишимди жактырбай койду.

Шаймиев ал келишимдин кабыл алынышы үчүн көп эле аракет кылгандай болду эле, андыктан орусиялык сенаторлордун чечими татар президентинин абройуна сокку ургандай эле болду.

Москвадагы «Карнеги» борборунун аналитиги Николай Петровдун пикиринде, Шаймиев өлкөдөгү регионалдык лидерлер ичинде өтө маанилүү жетекчи деп таанылган, андыктан анын мисалында кандай гана окуя болбосун бул башка регионалдык лидерлерге «белги» болушу мүмкүн.

Ушундан уламбы, Путин татарстандык президент Шаймиев менен кызматташууда өтө этият болууга аракет кылып жаткандай. «Путин Шаймиевди кызматтан алса да, аны менен достук иретинде жакшынакай келишим түзүп алып, анан Шаймиевдин ордуна анын тегерегиндеги бирөөлөрдү коюшу керек», - дейт Петров.

Рашид Нургалиев татарча сүйлөбөйт жана көпчүлүк татарлар үчүн москвалык бир «чоочун» катары маалым. «Андыктан бул өтө кооптуу чечим болмок», - дейт ал.

- Менимче, Татарстан азыр Орусия үчүн шайлоочулардын саны боюнча да өзгөчө маанилүү болуп турат. Андыктан анын саясий элитасы менен карама-каршылыкка баруу өтө эле акылсыз кадам болмок, - дейт Петров.

Нургалиевдин ордуна президенттик кызматка татар парламентинин спикери Фарид Мухаметшин же өкмөт-башчы Рустам Миниханов көрсөтүлсө, максатка ылайык болмок дешет.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG