- Мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун жогорку бийлик эшелонундагы пара берүү фактысы жөнүндөгү маалыматтын чыккандыгы кандай болгон күндө дагы бийликтин эки бутагынын тең аброюна дагы бир жолу көлөкө түшүрүүдө. Кулов ошол маалыматтын чындыгын далилдеши керек. Премьер-министр кезинде эмне себептен айткан жок деген да пикирлер чыгууда. Куловдун сөзүнө ишенсек бул фактыдан президент Бакиев да кабардар экен. Мына ушундай шартта мамлекеттик бийликтин аброюн коргоонун жолун эмнеден көрөсүз. Акүй тараптан кандайдыр бир реакция болушу керекпи, 2 күн болду бирок андай реакция чыга элек.
- Биринчиден, азыркы кезде Жогорку Кеңеште коррупция бар экени жашыруун эмес. 1-2 жылдан бери бул маселе боюнча чоң сөздөр болуп атат. Бирок, ким кимге бергенин далилдөө кыйын, ошондуктан мен конкреттүү фамилияларды айта албайм. Бирок, “спикер Текебаевге каршы добуш берсеңер акча берем “деп 5-10 миң долларга чейин сунуштап жүргөнүн, ким алып кайра кайтарып бергендерине чейин депутаттардын бары айтып жүрөт. Тигил, же бул бийлик үчүн маанилүү маселе каралып калганда, эртең менен жумуш башталаардан жарым саат мурун бажы менен салык кызматынын башчылары келип, коридорлорду кыдырып чуркап, ал эми депутаттар залга кирип атканда залдын эки эшигинде билет саткан кассирдей болуп туруп, кандай кызматыңыз бар деп ийилип таазим берип турат. Чуркап залга кирип депутаттар өздөрүнүн иштерин өтөп турат. Эмне үчүн келет? Мунун өзү да коррупция. Мейли алар акча бербесин, тигил же бул жүгүн таможнядан көзүн жумуп өткөрүп койсун, же жеңил өткөрүп койсун, же туугандарын кызматка койсун, бул да коррупциянын чоң түрү. Балким, кээ бирлери куругунан эле сурайттыр, “менин чоңойто турган тууганым жок, бул жагын берип кой” деп. Бул депутаттар менен жашырылбай калган иштөө тартиби. Бакиев өзү айтпадыбы министрлерге, “депутаттар менен жакшы иштебейсиңерби, сауна-пауна дегендей, аяк-бияктарга чакыргыла” деп. Бул классикалык коррупция.
Ал эми Даниярдын коррупциялык проектилерге катышы бар экенин мен мурун эле айткам. Кызылкыядагы цемент заводун курууда Даниярдын түздөн-түз кызыкчылыгы бар. Президент ошону билип туруп, аны аткаруу боюнча Даниярды милдеттүү чиновник кылып дайындайт. Ал эми Данияр Кызылкыянын жанында курулуп жаткан башка цемент заводду өкмөттүн, президенттин күчү менен түртүп чыгарып, башка облустка көчүп кеткин деп аны түртүп жатат, анткени ал өзүнүн бизнесин коргоого аракет кылып жатат. Жыйынтыгында эки завод тең курулбай отурат. Бул кадимки коррупциялык схема, президент өзү аралашып, орустардын заводун которуп жибергиле деп эл алдында өкмөткө бир нече жолу тапшырма берди. Бул мыйзамга дагы, моралдык нормага да туура келбейт. Ошондуктан, бүгүн бизде коррупция кадимки көз көрүнөө көрүнүш болуп калды. Буга биз чыдап атабыз. Ал эми ким кимге бергенин билебиз, бирок конкреттүү адам конкреттүү сумманы кимге бергени жөнүндө айта албайбыз. Анткени колунан кармап далилдебегенден кийин айтыш кыйын. Бирок кайсы депутат кайсы топтун кассири, акча кайсы жерде сакталат, качан бөлүп алышкан, кимиси көп алып скандал чыкканына чейин баарыбыз билебиз. Бирок аны тилекке каршы айта албайбыз. Аны кармай турган орган бул аткаруу бийлиги. Аткаруу бийлиги өзү демилгечи болуп келип депутаттар менен иштөөнүн ушундай формасын сунуш кылып аткандан кийин алар кармамак беле?
Менин мындай сунушум бар, кызмат адамдардын, депутаттардын туугандары алар депутат болгондон кийин кайсы кызматка киргенин же кайсы кызматка которулгандыгын анализдеп чыгыш керек. Мына ошондо азамат депутат жөн эле президентти колдоп жүрөбү, же улам-улам колдогон сайын анын туугандары кызматка кирип, же бирден тепкичке көтөрүлүп атабы - баарыбызга маалым болуп калат. Депутат азаматтардын туугандары кайсы мамлекеттик кызматка кирди, канча жолу алардын туугандары жогору көтөрүлдү, канча жолу алар иштеген фирмалар мамлекеттик заказ алды, канча жолу аларды салык инспекциялары жана башкалар келип текшерди. Ал эми салык инспекциясы азырынча оппозициялык маанайдагы депутаттарды гана кысмакка алып, алардын артынан түшүп куугандыгы кала элек.
Маектешкен Улан Эшматов,Прага