Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

РОЗА АКНАЗАРОВА: САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ПАРЛАМЕНТИ ШАЙЛОО МЫЙЗАМЫН ӨРКҮНДӨТҮП ЖАТАТ


“Азаттыктын” маектеши - Роза Акназарова, “Эл ынтымагы” саясий партиясынын жетекчиси.

- Жаңы Конституцияга ылайык партияларды шайлоого катыштыруу максатында бир бирикме түзүп иштеп жаттыңыздар эле. Өз сунуштарыңыздардын жыйынтыктарын парламентке, Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүп койдуңуздарбы?

- Ооба, азыр сиздер уккандай саясий партиялардын парламентин түзбөдүк беле. Ошол парлaментте 4 топ иштеп атат. Бири жаңы кодексин иштеп чыгып атат, экинчиси болсо саясий партиялардын мыйзамын, үчүнчүсү Конституцияны элге жеткирүү, төртүнчүcү - пиар компаниясы менен алек болууда. Себеби, баары тең азыркы күндө Конституция боюнча топторду даярдап атат. Кодекс боюнча өздөрүнчө 8 маселе боюнча өзүбүздүн сунушубузду депутаттарга жеткирдик. Андан тышкары азыр жаңы позицияларын иштеп чыгып атабыз, кандай позицияларга токтолушубуз керек, эмне деген позициялар саясий партияларга эң негизги болот. Андан сырткары эл аралык нормаларды үйрөнүү боюнча окуу өтүп атат бизге, атайын тренингдер өткөрүлүп, дүйнөлүк шайлоо системасы кандай, анан бизде кандай система болуш керек деген. Анткени, бул шайлоо кодексинин бир эле шайлоодо өткөрүү максаты эмес, эң алды элге тынчылык болуш керек. Карама-каршылыктар көп болсо мамлекет жакшы жашабайт, анткени ар дайым талаш-тартыш маселелер чыга берет. Ошол жагын да караш үчүн шайлоодо бардык региондор, аялдар, жаштар көрсөтүлүшү керек. Бардык катмардан көрсөтүлсө ошондо гана элде жакшы жашоо болот.

- Партиялардын жер-жердеги өкүлдөрү менен, маселен этикалык нормаларды сактоо жаатында кандай иштер жүрүп жатат. Адатта жолугушуулар боло калганда бийликчил жана оппозициядагы партиялардын жактоочуларынын ортосунда бир катар кайым айтышуулар көп кездешип жатканы белгилүү. Ушул багытта да иштер жүрүүдөбү?

- Сөзсүз түрдө. Региондорго азыр Конституцияны түшүндүргөнү барганда биз үч топко бөлүнүп чыккан атабыз. Ошондо бир анкета иштеп чыгып атабыз. Ошол анкетадан да билебиз, элде түшүнүк болуп атабы, азыркы күндө эмне маселелер чыгып атат деп негизи эл менен абдан жакын иштөөгө аракет кылабыз. Азыр мыйзамдуулук болбогондуктан көп жерде айласы жоктуктан чатактар болуп кетип атат. Күчтөрү жетпегенде ачыкка чыгып кетип атышат мыйзамдуулук жок болгондон кийин.

- Силерде бирикме тарабынан даярдалган сунуштар гана. Ошолордун негизинде Жогорку Кеңеш да, БШК да өзүнүн долбоорун сунушташы мүмкүн. Келечекте талкууга бир нече долбоор түшөт да?

- Мага БШКдан Айчүрөк эже чыкты, ушундай указ даярдалган атат, силердин саясий партиялардын парламенти сизди киргизгени жатат деп. Ага чейин биз Жогорку Кеңшке, спикерге кайрылуу кат жөнөткөнбүз, саясий партияларга тиешелүү мыйзамдарды, саясий партияларды сөзсүз катыштырып, Жогорку Кеңешке, комитетке салсаңыз, парламентке бизди чакырып, угуу өткөрсөңүздөр деп кайрылганбыз. Ага карата Масалиев БШКга бизди чакырып, комиссия түзүлгөн ошону менен иштегиле деп. Кээ бир маселелерди биз да тапшырып бергенбиз. БШК бизди чакырып бизде карап аткан маселелерди чогуу карап көргөнбүз. Азыр БШК менен чогуу конференция өткөргөн атабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG