Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

ПАРЛАМЕНТКЕ ПАРА БЕРИЛГЕНБИ? БИЙЛИКТЕН ЖООП БОЛОБУ?


Айданбек Акмат уулу,Бишкек Өтүп бараткан жумада Феликс Кулов аткаруу бийлиги менен парламент ортосундагы коррупция жөнүндө маалыматты ачыктады. Мурунку өкмөт башчынын айтымында, биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов парламентте бекитилүү үчүн 300 миң доллар сарптагандыгын айткан. Ал эми Үсөнов мурунку жетекчисинин мындай айыптоосуна карата пикирин айта элек.

Мораль жана нрава үстөмдүк кылган коомдо мындай билдирүүгө бийликтин реакциясы заматта болоору бышык. Бирок кыргыз бийлигинен ага жооп боло элек. Данияр Үсөновдун өзү болсо Феликс Куловдун айтканы менен тааныш эместигин айтууда:

-Мен биринчиден окуюн. Анан кийин кызматтан кеткен аксакалдар Кулов жана Сарыгулов менен сүйлөшөйүн. Алардын ою эмне экенин билейин. Андан кийин жооп берейин.

Бирок бул маселе 5-мартта парламентте козголоору бышык.

Алгач депутат Азимбек Бекназаров дүйшөмбү күнү парламентке Данияр Үсөновду чакырып, Куловдун сөзү боюнча жооп алууга аракет жасаарын билдирди.
Депутат Дооронбек Садырбаев болсо башкы прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгош керектигин, анткени Феликс Куловдун сөзүнөн жалпы бийлик бутактарынын аброюна доо кетип жатат деген пикирин билдирди.

Оппозициялык депутат Болот Шерниязов да бул маселе парламентте талкууланыш керек деген пикирде:

-Эми Феликс Шаршенбаевичтин бул билдирүүсү парламентте сөзсүз каралыш керек. Анткени бийликтин бир бутагына аябай чоң айып тагылды. Коррупциянын башаты парламент болбош керек.

Албетте, ал сөздү Феликс Кулов ошол кезде ачыкка чыгарса башкача болмок деген Шерниязов буларга токтолду:

-Эми ал киши айтпадыбы бул жөнүндө президент да билет деп. Бийликтин башындагы үч киши ошентип сүйлөшүп атса, анан эч кандай реакция болбосо-анда биздин коррупция менен күрөшөбүз деген сөздөр жөн эле жел сөз болуп калып жатпайбы. Мен таң калганым, эмне үчүн ошол убакта Феликс Шаршенбаевич Данияр Үсөновдун айткан сөзүнө президенттин көзүнчө эч кандай реакция жасабады. Ал эмес Данияр Үсөновду өзү парламентке сунуштап атты.

Бирок кандай болгон күндө да бул билдирүү боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзам чегинде иликтенүүгө тийиш, деп эсептейт Шерниязов.

Белгилүү саясий ишмер Дастан Сарыгулов да бул окуя боюнча кылмыш иши козголууга тийиш деген пикирде:

-Бул менин талабым эмес. Бул Кылмыш-жаза кодексинде жазылган.Эгерде мыйзам бузуу жөнүндө маалымат гезитке чыкса, анда ал факты боюнча кылмыш иш козголуш керек. Экинчиден, тергөө иштери башталыш керек. Бул да мыйзамда көрсөтүлгөн. Кызматтагы кишиге байланыштуу кылмыш иши тергелип жаткан учурда, ал киши убактылуу кызматтан бошотулуп туруш керек. Бул укуктук-демократиялык мамлекеттердеги норма, мыйзам.

Бул жерде ири суммада пара берүү жана элдин бийликке ишеними жөнүндө сөз болуп жаткандыктан президент көз карандысыз комиссия түзүп, бул ишти иликтеп чыгыш керек, деп эсептейт Дастан Сарыгулов.

Коомчулукта Феликс Кулов бул билдирүүнү эмне себептен учурунда, өзү бийликте турганда жасабады? Эгерде ал парламентте премьер-министрликке бекитилип калганда бул сөз такыр чыкпай калат беле деген сөздөр да жок эмес.

Жогорку Кеңештеги «Мекен» депутаттык тобунун лидери Искендер Гаипкулов Феликс Куловдун билдирүүсү эч кандай далилсиз деген оюн айтып, буларга токтолду:

-ХИПКке да Кулов акчаны алып алган деген сөз болгон. Ошондой эле нерсе. Бул иш мурда болсо, анда ошол кезде айтыш керек эле. Ал сөздү угуп, бийликте эмне калып иштеп жүрдү. Эмне кылып жүрдү Феликс Кулов ал жерде? .

Ошентип депутаттар Куловдун билдирүүсүнө карата ачуусун да, таң калуусун да билдирип жатышат.

Бирок аткаруу бийлиги тарабынан бул окуяга эч кандай реакция боло элек. Кыргызстанда Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик иштейт. Ал кызматтык коррупция, мамлекеттик кызматкердин этикасына байланыштуу маселелерди иликтейт. Ал мекеме жакында эле коррупция боюнча маалыматты бизге кабарлап койгула деп, ишеним телефонун ачкан.

Ушул телефон аркылуу Данияр Үсөновго байланыштуу мурунку премьер-министрдин билдирүүсүнө жооп сураганбыз. Бирок бир нече күндөн бери жооп болгон жок.

Ал эми башкы прокуратуранын басма сөз кызматы азырынча Феликс Куловдун билдирүүсү боюнча эч кандай маалымат жок экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG