Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

ОРУСИЯНЫН МИГРАЦИЯ САЯСАТЫНДАГЫ ЖАҢЫ ЭРЕЖЕЛЕРДИН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва 2-март күнү Москвада Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын (ФМК) башчысынын орун-басары Вячеслав Поставнин маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ушул жылдын 15-январынан баштап Орусиянын миграция саясатына киргизилген жаңы өзгөрүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары боюнча кабар айтылды. ФМК жаңы тартиптердин «зыянынан пайдасы көп» экенин аныктаптыр.

Вячеслав Поставнин – Орусиянын миграция саясатын аныктаган негизги мамлекеттик органдагы экинчи адам. Ал журналисттерди чакырып жатканда, 15-январга, жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Орусияга кирип, бирок мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдүн статусун мыйзамдаштыруу жөнүндө кеп болот деп айткан эле. Бирок андай болбоду. Ошол мигранттардын статусу өзгөрбөйт экен.

- Жаңы миграциялык тартиптерди киргизгенге чейин биз мыйзамсыз иштеп жүргөн бүт чет-элдик мигранттарга мунапыс жарыялап, алардын абалын мыйзамдаштыралы деп ойлогонбуз. Керек болсо, буга тиешелүү документтерди да даярдап койгон элек. Бир топ мамлекеттер, анын ичинде Италия да, АКШ да ушундай жолдорго барышкан экен. Бирок Орусияга ал тартип туура келбей турганын түшүндүк. Бизин мамлекетте көп жылдан бери жашап, мыйзамдарыбызды урматтап, салыгын төлөп келген чет-элдиктер - биздин даяр атуулдарыбыз. Аларга жеңилдиктер берилиши зарыл, бирок убактылуу келип-кетүүчүлөргө мунапыс жарыя кылбайлы деп чечтик. Анткени алардын көбү Орусияга убактылуу эле, акча иштеп кетүү үчүн эле келишет. Эгер аларга да мунапыс жарыяласак, анда мыйзамсыз мигранттардын саны андан бетер көбөйүп кетмек, - дейт Поставнин.

Андан ары ал жаңы миграциялык эрежелер киргизилгенден бери эмне өзгөрүүлөр болгонуна токтолду.

- Бүгүнкү күнгө карата Орусияда 200 миңден ашуун чет элдик мигрант иштегенге уруксат берчү документтерди колуна алды. Бул, былтыркы жылдын ушу мезгилине салыштырганда үч эсе көптүк кылат. Ал эми келип, каттоодон өткөндөрдүн саны жарым миллиондон ашты. Муну да былтыркыга салыштырмалуу бир топ эсе көп десек болот. Бирок, эсиңиздерге сала кетейин, азырынча кыш бүтө элек, күн суук, сезон баштала элек. Жаздан баштап мигранттардын чоң агымы келет деп, ошого даярданып жатабыз.

Буга чейин айтылгандай, эми Орусия чет мамлекеттерден келчү мигранттарга квота киргизет. Визасыз катнаштагы постсоветтик мамлекеттерден келчү мигранттардын жалпы саны 6 млн.дон ашпашы керек. Ошондо ар бир мамлекетке өзүнчө квота киргизилиши керек болот. Вячеслав Поставнинден «Кыргызстанга канча мигрант үчүн квота киргизилиши мүмкүн?» деп сурадым.

- Азырынча эч кайсыл мамлекетке квота киргизе элекпиз. Бирок биз Кыргызстандын өкмөтү, миграция жаатындагы органдары менен тыгыз кызматташтыкта, жакшы иштеп жатабыз. Айтып кетишим керек, сиздердин өкмөт көп эле аракет кылып атат. Акыр аягында кыргызстандык жарандарды капа кылбай тургандай чечим болот, - деп ишендирди Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысынын орун-басары Вячеслав Поставнин.

Жалпысынан, миграциялык кызматтын маалыматына караганда, 15-январдан бери жаңы тартиптер боюнча документтерин даярдап албаган 1,5 миң мыйзамсыз мигрант Орусиядан чыгарылган, же депортация кылынган. Жаңы эрежеге ылайык, мыйзамсыз мигрантты жумушка алган ишканаларга ар бир мигрант үчүн 800 миң рубль айып салынат. Бүгүнкү күнгө карата 15 ишкана айыпка жыгылганы айтылды. «Ушул тапта Орусияда 10-12 млн.мыйзамсыз мигрант бар», - деди Вячеслав Поставнин.

Белгилүү болгондой, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттардын саны жарым миллиондон ашат.

XS
SM
MD
LG