Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

ОШТОГУ ҮЧ ГЕЗИТ МАМЛЕКЕТТИК БАГУУДАН ЧЫГАРЫЛАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Республикада биринчилерден болуп Оштогу облустук үч мамлекеттик гезит облустук акимчиликтин ээлигинен бошотулуп, эркин сүзүүгө койо берилет. Учурда «Ош жаңырыгы», «Эхо Оша» жана «Ош саодаси» гезиттеринин макамын мамлекеттин менчигинен ажыратуу боюнча укуктук иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул жагдайда алгачкылардан болуп «Эхо Оша» гезитинин эмгек жамааты демилге менен чыгышты.

Республиканын башка облустарынан айырмаланып Ошто кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде мамлекеттик үч гезит чыгат. Мамлекет башчысынын бир өкмөттүк гезиттен башка бардык мамлекеттик гезиттерди акционерлештирүү боюнча өткөн жылкы жарлыгынан кийин облустук үч гезитти каржылоо маселеси татаал абалда калган эле. «Ош жаңырыгы» гезитинин баш редактору Жапаркул Ташиев, мамлекет гезиттерди эркин сүзүүгө койо берүүдөн мурун алардын карыздарын чечип берсе жакшы болот эле деген оюн билдирди:

- Карыздарды элдин баары билет. Маселен социалдык фонд боюнча. Мен келгенден бери жамааттын аракети менен көп карыздардан кутулуудан жетиштик. Эгерде карыздардын жолун таап, мамлекет жардам берип, өзүңүздөр эркин сүзгүлө десе, албетте ал колубуздан келе турган нерсе.

Жакында орус тилинде чыгуучу «Эхо Оша» гезитинин эмгек жамааты аталган басылманы эркин чыгаруу боюнча демилге менен чыгып, ал сунуш облустук акимчилик тарабынан колдоого алынды. Ал эми өзбек тилдүү «Ош саодаси» гезитинин баш редактору Махамадсаид Исманов, азыркы каржылык абалында гезиттин жабылып калуу корунучу бар экендигин эскертти:

- Албетте, мамлекеттик администрациядан эгерде бизге акча бөлүнбөй турган болсо, жабылып кала турган ахывалга келип калабыз.

Ал эми облустук акимчилик мамлекеттик үч гезитти каржылай албай калгандыгын билдирип, алардын акимчиликтин ээлигинен бошотулуп, эркин сүзүүгө жасаган аракеттери колдоого алынаарын жарыялады. Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев аталган мамлекеттик үч гезит менчик укугу боюнча коомдук негизде кайрадан түзүлүшү мүмкүн экендигин билдирди:

- Коомдук деп жатабыз. Биринчи кезекте ошол жерде иштеп жаткан жамааттын менчигине өткөрүүгө сунуш даярдайбыз. Эгерде жамаат донорлорду таба турган болсо, анда алар өзүлөрү иш алып барат. Мен ал жагынан чоң проблемаларды көргөн жокмун. Жамааттын өзүнүн демилгеси болсо жакшы болот. А биз мамлекеттик гезит деп алып аны каржылай албагандан кийин аны кармап отуруунун эч кандай кажети жок.
XS
SM
MD
LG