2007-жылы Кытайдын коргонуу бюджети 17,8 процентке өсөт жана 45 миллиард долларды түзөт. Кытай элдик курултайынын өкүлү Цянг Инжу жекшемби күнү билдиргенге караганда, акчанын көбү аскерлердин маянасын көбөйтүүгө, жашоо шартын жакшыртууга жана куралдарды модернизациялоого сарпталат. Мындай түшүндүрмө ырасмий Вашингтонду канааттандырган жок. Анткени, чет элдик серепчилердин эсеби боюнча Кытайдын коргонуу бюджети аскерий чыгымдарды толук камтыбайт жана коргонууга ырасмий жарыялангандан 1,5 эседен 3 эсеге чейин көп каражат жумшалат.
Бээжинде визит менен жүргөн АКШнын Мамкатчысынын орун басары Жон Негропонте 4-марттагы билдирүүсүндө коргонуу маселесинде Кошмо Штаттары менен Кытай ортосунда жабык теманын болушун каалбасын айтты:
-Сөз коргонуу бюджети жана анын көбөйүүсү эмес, ага байланыштуу маселелерди жакшы түшүнүү жөнүндө жүрүүдө. Буга чейин Пентагондун ырасмий адамдары менен кытайлык аскерлер ортосунда өз ара талкуулар өттү. Бирок, Кытай тараптын максатын түшүнүктүү болуусу үчүн биз диалогду дагы жигердүү улантууну каалайбыз.
Кытайды болсо АКШнын Тайванга Ф-16 аскерий учактарына 400 ашуун ракета сатуу чечими тынчсыздандырууда. Бул маселе Кытайдын Тышкы иштер министринин орун басары Ян Цзечи 3- мартта Жон Негропонте менен кездешкенде козголуп, ал өнөктөшүнөн Вашингтондун Тайвандагы “жикчи күчтөргө жаңылыш белги бербөөсүн” сураган.
Негропонте Пентагондун Тайванга 421 миллион долларга ракета сатуу чечимин коргоп, бул ракеталар коргонуу үчүн пайдаланыла турганын белгилей кетти:
-Биз бул маселени талкууладык. Аны кытайлык өнөктөрүбүз козгошту. Биз “жалгыз Кытай” саясатын карманаарыбызды мен ырастап койгум келет. Тайванга сатылган каруу жарактар коргонуу максаттарын гана көздөйт жана биздин “жалгыз Кытай” саясатыбызга ылайыктуу.
Кытай жетекчилиги Тайванды өзүнүн ажырагыс бөлүгү эсептейт жана сааты келгенде арал мамлекет өлкөгө биригет деген мүдөөсүн жашырбайт.