Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

ДАНИЯР ҮСӨНОВ: "КУЛОВДУН БИЛДИРҮҮСҮ БҮТҮНДӨЙ ЖАЛАА"


Биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов аны 300 миң доллар пара берди деп айыптап жаткан Куловдун билдирүүсү башынан аягына чейин «жалган, макалада жазылгандын баары калп» деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөп. Ал жалаа жабуу, каралоо фактысы боюнча Ф. Куловду сотко берерин билдирди. «Феликс Шаршенбаевич сотто далилдеп берсин, ким бул сумманы берген, ким алган»,-деди Д. Үсөнов.

Данияр Үсөнов парламент жыйынына депутаттардын чакыруусу менен ага коюлган айыптоолор боюнча жооп бергени келген. Ал сүйлөп жатып, «бул маселе канчалык оор болбосун, ага жооп эң жөнөкөй» деп белгиледи да, «көпчүлүк депутаттар азыр залда отурат, эки жылдан бери силерден кимдир бирөө менден акча сурадыбы, акча алдыңарбы менден, урматтуу депутаттар?» деген суроо менен кайра депутаттардын өзүнө кайрылды. Депутаттар ичи күүлдөп барып басылганда, Д. Үсөнов мурдагы премьер-министр Куловдун гезитке берген интервьюсунда айтылган айыптоолордун баары жалган жалаа деп билдирди. Данияр Үсөнов жалаа жабуу, каралоо фактысы боюнча сотко доо арыз менен кайрыларын жарыялап, ««Феликс Шаршенбаевич сотто далилдеп берсин, ким бул сумманы берген, ким алган», деп билдирди.

«Президенттин көзүнчө эч качан мындай сөздөр болгон эмес, менин жана Куловдун ортосундагы дагы мындай сөздөр эч качан болгон эмес», деп баса белгиледи Д. Үсөнов. Анын айтымында, сотко арыз берүү жөнүндө адвокаттарга өткөн жумада эле тапшырма берилген, бүгүн-эртең бул ишке ашырылат.

Өткөн жумада мурдагы премьер-министр Феликс Кулов “Дело№...” гезитине берген маегинде биринчи вице-премьер кызматына бекиш үчүн 300 миң доллар жумшаганын Данияр Үсөнов өзү президенттин көзүнчө айтканын билдирген болчу. Кулов бүгүн Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында бул сөздөрүн дагы бир ирет кайталап жарыя кылды. (KCh)

XS
SM
MD
LG