«Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда, алардын саны 200 чамалаш. Айдоочулар парламенттен оң рулдуу автоунаага тыюу салган чечимди алып салууну талап кылышты. Жогорку Кеңеш «Кыргызстандагы жол кыймылы тууралуу» мыйзамга 18-декабрда өзгөртүү киргизген. Ага президент февралда кол койгон. (BuS)