Бүгүн мурдагы премьер-министр, азыр “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” бириккен фронт оппозициялык кыймылынын жетекчиси Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик шайлоону чукул өткөрүү үчүн күрөшөрүн жар салды. Ал мындан мурда Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер кызматына жетүү үчүн 300 миң доллар акча сарптады деп дагы айтып чыккан эле, ал тууралуу кыргыз коомчулугунда улам-улам удургуган кеп толкуну түрүлүп жатат. Ушул соңку окуялар боюнча «Азаттык» менен саясат таануучу, Бишкектеги Борборазия Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов ой бөлүштү.
- Мурдагы премьер-министр оппозицияга өткөнүн жарыялаганда оппозицияда жүргөн саясатчылардын баары бир текши кабыл алган эмес. Роза Отунбаева сыяктуу саясатчылар Кулов ниетинин чындыгын көргөзсүн, коррупциялык көрүнүштөрүнүн бетин ачсын дешкен. Өткөн аптада ал гезитке жарыялаган маегинде коррупциялык бир фактыны атап өттү. Анда азыркы биринчи вице-премьер-министр Д. Үсөнов кезинде парламенттен өтүш үчүн 300 миң доллар короткону жөнүндө айтты. Кандай дейсиз, Кулов түзгөн саясий бирикменин келечеги анын айткандары менен мурдагы жана азыркы иши шайкеш келишине жараша болобу, же ага карабай эле колдоочулары табыла береби?
- Биринчиден, канчалык фронт өзүнүн программасын, өзүнүн саясий тактикасын элге сунуштай алат, ошого карата болот. Анткени, чынын айтканда бийликтин аты өзгөрүлүп эле заты өзгөрбөдү деген сөздөр абдан көп. Социологиялык иликтөөлөргө карасак элдин көпчүлүгү нааразы азыркы учурда. Ошондуктан көпчүлүк ошону пайдаланып элди бириктирип бийликке карата атака жасайт го деген ойдо. Мен жалпы массалык аң-сезимде болуп аткан, үстөмдүк кылып аткан ойлор жөнүндө айтып атам. Бирок ошол эле кезде ишенбестик деле фронттун жетекчилеринде бар. Эмне дегенде, өзүңүз атайын белгилеп кеттиңиз, коррупция жөнүндө мисалдарды келтирип интервьюда айтып атат. Албетте суроо туулат, премьер-министр болуп турган кезинде эмне үчүн ошого чекит койгон жок, колунда бийлик турганда эмне үчүн ошондо принципиалдуу бекем туруп берген эмес ага. Эми жумуштан кеткенден кийин ошол айтылып атат. Биз аны былтыр ноябрь айында сезгенбиз. Ал жөнүндө көп сөз болгон, парламентте орундар сатылып атат, болгондо дагы өкмөттү өткөргөндө бүт эле соода-сатыктын негизинде болуп кетти, парламент базарга айланып кетти деген сөздөр абдан көп болгон. Премьер-министр ошону далилдеп атат. Ошондуктан бийликке мурун ишенбестик бар эле, азыр андан ары күчөп кетти. Болгондо дагы премьер министр айтып атпайбы. Ошондуктан ушуну Баш прокуратура, жалпы укук коргоо органдар тактап берсе жакшы болот эле. Анткени кыргыз өкмөтүнүн бийлиги, анан парламенттин бийлиги азыркы учурда өтө оор абалда. Эгерде чын болсо анда парламентти таратыш керек, бизге мындай базардын кереги жок. Эгерде өкмөттө ошондой балит, коркунучтуу абал түзүлүп калса, анда мындай өкмөттүн бизге эмне кереги бар.
- Эмнеси болсо дагы оппозиция кайра жандана баштагандай, Конституцияны реформалоо маселесине кайрадан кайрылуу керек деген демилгелер чыгууда. Көчө жүрүштөр да башталып кетиши мүмкүн. Кандай дейсиз, тегерек стол сындуу жыйындар зарыл эмеспи, зарыл болсо ким оозунуп кол сунушу керек?
- Албетте, консенсустун негизинде көп нерсе чечилсе туура эле болот. Бийлик тарабынан да өзүнчө кыймыл болгону зарыл. Оппозиция дагы түшүнүш керек, саясий күрөш кайсы багытта өтөт. Өзүңүз карап көрүңүз, бизде реалдуу айтканда түндүк-түштүк деген ажырым өтө кеңейип баратат. Бул өтө коркунучтуу. Аны кеңейтип аткан кимдер? Эки тараптын саясатчылары. Ноябрдан баштап митинг уюштурганда бир топ туура эмес ураандар айтылды. Ошол эле антимитингде чыгып алып, ошого каршы жердешчиликке таянып иш жасалды. Бул жалпы Кыргызстанды жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан, Кыргызстандын азыркы абалын эске алып, коркунучтуу абалга жеткирбеш үчүн сөзсүз консультация, сүйлөшүүлөр керек. Болбосо, бул барып-барып жарандык согуштун босогосуна келип калышыбыз ыктымал. Чынымды айтайын мен ошондон чочулап атам. Тилекке каршы, Кыргызстан азыркы учурда өтө чабал, алысты көрбөгөн саясий элитанын колунда болуп калды. Эң негизги коркунуч ушул.
- Бөлүшкөн ойлоруңузга ырахмат.
Маектешкен Улан Эшматов, Прага