Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:17

Ф.КУЛОВ: САЯСИЙ СИСТЕМА ӨЗГӨРМӨЙҮНЧӨ ЭКОНОМИКА ӨНҮКПӨЙТ


Бириккен фронттун билдирүүсүндө президентти кызматтан кетирүү талабы эмес, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү маселеси коюлган. Бул тууралуу экс-премьер-министр Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле 2010-жылы президенттик шайлоого барбастыгын, азыркы системаны өзгөртмөйүнчө эч кандай экономикалык өнүгүү болбостугун белгилеп, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Маалымат жыйынына катышкан президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча Куловдун демилгеси Конституцияга каршы келет деген пикирде.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнүн себептерине токтолду.

-Биз президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрөлү деп айттып атканыбыздын негиздери бар. Биринчиден, кыска убакыттын ичинде эки Конституция кабыл алынды. Ал Баш мыйзамдарды кабыл алуунун легитимдүүлүгү күмөн туудурат. Ноябрдагы Конституцияны кабыл алууну түшүнсө болот.Анда элдер аянтка чыгып, өлкөдө өзгөрүү болсун деп талап кылышкан. Бул маселени саясий өңүттө алып карап компромисстик Конституция десек болот.

Кулов белгилегендей, экинчи жолу декабрда кабыл алынган Баш мыйзамдын талаш жараткан ар бир беренеси депутаттар тарабынан дыкат талкууланбай, айрым депутаттар аны толук окушпай, коомчулуктун талкуусуна коюлбай эле кабыл алынган Конституция. Ал ошондой эле президенттик шайлоодо көпчүлүк шайлоочулар Бакиев-Кулов тандемине добуш беришкенин белгиледи. Куловдун пикиринде, президенттик бийлик легитимдүү болуш үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлсө, шайлоочулар кимге канча ишеним көрсөтүп добуш беришкени билинет, бардыгы ачык-айрым түшүнүктүү болот.

Феликс Кулов кызматтан кеткенден кийин, Бакиев тарабынан Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, президенттин администрациясынын жетекчилигине кызмат сунуш кылынганын, бирок андан баш тартканын айтты. Ал үйбүлөлүк башкаруу тууралуу пикирин төмөндөгүчө билдирди.

-Үйбүлөлүк башкаруу жана андагы уулдарынын үлүшү тууралуу, менин оюмча, убакыт келгенде бул фактылар белгилүү болот. Бүгүн бир нерсе деп айтуу мезгилсиз деп эсептейм. Тийиштүү далилдер топтолгондон кийин ачыкка чыгат деп ойлойм.

Кулов ошондой эле 2010-жылы президенттик шайлоого барбастыгын, жакында Москвага барганда Орусиянын биринчи вице-премьер министри Сергей Иванов менен жолугушканын, Данияр Үсөнов кызматка бекиш үчүн айрым депутаттарга 300 миң доллар бергенин президенттин катышуусунда айтканын укканын маалымдады. Ал өз жообунда “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун алдыдагы иши ачык-айкын, Баш мыйзамдын чегинде жүргүзүлөрүн, аймактык бөлүнүүлөргө жол берилбестигин, Шанхай Кызматташтык Уюмунунун саммитине эч кандай тоскоолдук болбостугун белгиледи. “Саясий тирешүүлөрдөн куралдуу жаңжал чыкпайт, эгерде бийлик тарабынан куралдуу тирешүүлөргө барып, курал менен кысым жасалса, анда Жамааттык Коосуздук Кеңешинин уюмун кеңеш берүүгө чакырабыз. Күч менен бийликтин узурпацияланышына жол бербейбиз”, - деди Кулов.

Анын пикиринде, азыркы системаны өзгөртмөйүнчө өлкөдө экономикалык өнүгүү болбойт. Маалымат жыйынга катышып Куловдун жообуна күбө болгон президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун болсо президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү Конституцияга каршы келерин билдирди. Анын көз карашында Кулов кызматтан кеткенден кийин бийликти күнөөлөгөнү туура эмес.

-Кыргызда жакшы сөз бар, “Учкашпа. Учкашкандан кийин мушташпа” деген. Бул кишини эч ким кыйнаган жок. Президент Курманбек Бакиевди дагы, Феликс Куловду дагы тандемге бар деп эч ким кыйнаган жок. Экөө тандемге барды. Тандем шайлоодо 90 пайыз менен жеңип чыкты. Эми президенттик шайлоо өткөрүүнүн кандай кажети бар. “Мен бир жарым, эки жыл иштедим. Мени кууп жиберди. Депутаттар мени колдобой койду. Кайрадан президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрөлү” деген Куловдун демилгеси туура эмес деп эсептейм.

Турсунбек Акундун айтымында, Кулов бийликтин туура эмес жактарын, коррупциялашкан жетекчилерди, Конституцияны кабыл алуудагы маселеге өзүнүн көз карашын премьер-министрлик кызматта турганда ачык айтып чыкса жөндүү болмок.

XS
SM
MD
LG