Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

САЯСАТКА «ЖАЗ ЖАРЫШЫ» КЕЛАТАБЫ?


Кыргызстанда күндүн жылышы менен активдүү саясий күрөш башталат деп күтүлүүдө. Феликс Кулов башында турган «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» оппозициялык фронт мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо үчүн тийиштүү даярдыктар көрүлүп жатканын жарыялады. Дүйшөмбү күнү саясий күчтөр өздөрүнүн позицияларын дагы бир ирет ачыктап, максаттарын тастыкташты.

Азыркы учурда өлкөдөгү жогорку бийлик үчүн күрөшкө даяр реалдуу үч күч бар экени белгилүү. Тагыраак, айтканда, мына ошол үч топко бөлүнгөн күчтөр активдүү түрдө күрөш жүргүзүүдө. Алардын бирөөсү, албетте, президент Бакиев башында турган бийликтеги саясатчылар. Экинчи топ «Реформа үчүн» кыймыл. Үчүнчү топ Феликс Кулов жетектеген фронт.

Фронт менен кыймылдын биригүүсү гана бийлик башындагыларды сестентип, өлкөнүн саясий талаасында күчтүү өзгөрүүлөрдү пайда кылышы ыктымал. Бирок кыймылдын лидерлери Алмаз Атамбаев менен Азимбек Бекназаров Куловго ыктоодон көрө, өздөрүнчө жаңы тандем түзүүгө жакыныраак тургандай.

«Реформа үчүн» кыймылга кирген Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов фронт менен кыймылдын кызматташуусу, кыймылдын иштери тууралуу буларды билдирди:

"Фронт менен биздин кыймылдын эч байланышы жок. Келечекте кандай болоорун турмуш көрсөтөт. Биздин кыймыл өз позициясынан кеткен жок. Биздин коюп жаткан талап - реформа. Биз азырынча радикалдуу кадамдарга барбайбыз деп турабыз".

Иса Өмүркуловдун пикиринде, бийликтин Жерүй, Ташкөмүрдөгү «Кристал» заводуна байланыштуу кетирген катачылыктары саясий кырдаалды курчутушу ыктымал.

Ошентип, «Реформа үчүн» кыймыл радикалдуу кадамдарга баруудан четтеп турат. Мындай шартта фронт өз алдынча кеңири алкакта саясий акцияларды өткөрө алабы? Анын потенциалы кандай? Бул суроого Феликс Куловдун жакын пикирлештеринин бири Эмил Алиев минтип жооп берет:

"Азыр былтыркы ноябрь, декабрдагы абалга караганда кырдаал курчураак болуп турат. Анан биздин максатка жетишибиз үчүн көбүрөөк обьективдүү себептер бар"

Эмил Алиевдин айтымында, фронттун потенциалы абдан олуттуу жана күчтүү. Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов фронттун жана Феликс Куловдун потенциалы тууралуу мындай пикирде:

"Куловдун билдирүүлөрү сенсация жаратып, кимдир бирөөлөрдү ынандырып жиберген жок. Бийлик деле Куловдун потенциалын жогору баалабайт деп ойлоймун. Биз атуулдук тармак да Куловдон көбүрөөк күткөнбүз".

Албетте, оппозициялык бир катар саясатчыларды Шанхай кызматташуу уюмунун саммитин Бишкекте өткөрүүнү белгилөө, мамлекетти экиге бөлүп алуу коркунучу активдүү саясий акцияларды баштоодон тартынтып турат. Бирок, ошого карабай өлкөдө саясий күрөшкө «жаз жарыш» келчүдөй болуп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG