Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

6-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз музыкалык-драма театрынын кызматкерлерине ардак наамдарын ыйгаруу чечими 1939-жылдын 6-мартында чыгарылган. Кыргызстан калкынын кезектеги II курултайы 2003-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында өткөрүлдү.

Ставраполь губерниясынын Пишпек уездинде орун алган меринос койлорду асыраган чарбанын тагдыры менен CCCР Борбордук Атакаруу комитети алпуруша баштады. CCCР Борбордук Аткаруу комитети 1924-жылдын 6-мартында РСФСР жер иштетүү боюнча Элдик комиссариатына чарбага байланыштуу эки вариантты сунуш кылган. Биринчи сунуш боюнча, ставрополдук чарбаны, мал жана жайыттары менен сактап калуу, же болбосо аларды жеңилдетилген тариф менен башка аймакка көчүрүп кетүү.

Кыргыз автономиясынын областтык инженери 1926-жылдын 6-мартында Пишпекте II разряддагы сейсмикалык станция ачуу сунушу менен Областтык Аткаруу комитетке кайрылды. Анын айтымында Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймак эсептелет жана областтагы жер титирөө коркунучун алдын алыш үчүн Алматы шаарында курулган сейсмологиялык станциядай мекеме ачылышы зарыл.

Кыргыз АССРинин радиолоштуруу жана радиоуктуруу комитети 1934-жылдын 6-мартында радиоприомниктер үчүн абоненттик акы киргизүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз музыкалык-драма театрынын кызматкерлерине ардак наамдарын ыйгаруу чечими 1939-жылдын 6-мартында чыгарылды. Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген биринчи ишмердик наам театрдын көркөм жетекчиси, дирижер Василий Целиковский, Композиторлор-Владимир Власов менен Владимир Фере, артист Арнольд Самарин-Волжскийге берилген. Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисттик наамга Канымкүл Айбашева, Бүбүсара Бейшеналиева жана Сайра Кийизбаевалар татыктуу болушкан.

Кыргыз Республикасындагы кезектеги кадрдык алмашуулар 1958-жылдын 6-мартында жүргүзүлдү. Кыргызстандагы профессионал дипломаттардын бири Казы Дыйкамбаев Кыргыз ССР министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, мурдагы премьер-министр Абды Сүйөркулов Москвага «окууга жөнөтүлгөн».

Кыргызстан калкынын кезектеги II курултайы 2003-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында өткөрүлдү. Расмий Бишкек курултай «Кыргыз мамлекеттиги-тынчтыктын жана туруктуулуктун жылы» деген ураан менен белгиленип, ал мекендин чыныгы патриоттору жана прогрессивдүү күчтөрдүн башын бириктирүү максатын көздөй тургандыгын кабарлады. Курултайга Кыргызстан калктарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамаат, бейөкмөт уюм, саясий партиялар жана мамлекеттик бийлик органдарынан чакырылган 600 чамалуу делегат катышты.

Бу күнү, 1475-жылы атактуу италиялык скульптор, сүрөтчү Микеланнджело Буонарроти, 1926-жылы айтылуу жазуучу Касым Каимов жарык дүйнөгө келсе, 1973-жылы жазуучу Айткулу Убукеев жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG