Режиссер Рустам Аташов тарткан бул тасмада карапайым адамдар менен байлардын жашоосу, саясат, корупция, студенттик турмуш, жана сүйүү темасы чагылдырылган. Чыгарманын негизи китептен алынганы менен, көптөгөн кызыктуу эпизоддор кошулган. Фильмде көрөрмандарга өзгөчө таасир бере турган аянычтуу окуя бул баңги затына берилип кетип, андан кайра баш тарталбай, аягында өз жанын кыйган жаш кыздын тагдыры.
Фильмге белгилүү актерлор эмес, карапайым адамдар, студенттер тартылган. Мисалы башкы каарман Жоробектин ролун ОШМУнун студенти Аскат Эрбаев ойногон. Ал өз сөзүндө фильмге биринчи жолу тартылып жатканын айтып, мындан ары кино жаатында билим алып, дагы көптөгөн тасмаларга түшүп, кыргыз киносунун өнүгүүсүнө салым кошсом деген тилеги бар экендигин белгиледи.
“Тасмага тартылсам деген тилек бул кинодо образ жараткан көпчүлүк актерлордун кичинесинен берки тилеги болгон. Алардын бири полковниктин образын жараткан, Жогорку кеңештин депутаты Кубатбек Байболов да бала кезинен киного тартылсам деп кыялданчу экен. Андыктан менин сунушумду дароо кабыл алды”- деди режиссер Рустам Аташов.
Режиссердун айтымында фильмди тартууга он миң долларга жакын каражат жумшалган. Тасманын биринчи бөлүгү өткөн жылдын күз айларында борбордо эки жума көрсөтүлүп, зал көрүүчүлөргө толгон. Андыктан эл арасында эки жума ичинде бир миллион сом чогултту деген имиштер болду. Ал эми режиссердун өзүнүн айтымында анча көп акча түшкөн эмес.
Режиссер фильмдин биринчи бөлүгүн Кыргызстандын дубандарынын тургундарына да кыдырып тартуулап келди. Ал эми экинчи бөлүгү Бишкекте 25-мартка чейин көрсөтүлөт. Россия кинотеатрынын кызматкери Карыпбай мырза белгилегендей бул жолу да көрүүчүлөр арбын келишүүдө.
“Бул менин режиссерлук карьерамдагы алгачкы эмгегим. Тасма көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыды. Андыктан максатыма жеттим, баардыгы мен ойлогондой болду деди. Кино тармагына жаңыдан кадам таштап олтурам, мындан ары да көптөгөн фильмдерди жаратып, кыргыз киносуна салымымды кошсом” - дейт кинорежиссер Рустам Аташов.
Айжан Шаботоева, Бишкек