Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

АЙЧҮРӨК ЭШИМОВА БШК ТӨРАЙЫМЫ БОЛУП БЕКИДИ


Бүгүн Жогорку Кеңеште шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын башчылыгына Айчүрөк Эшимованы дайындоого макулдук берип 57 депутат добуш берди. Парламент депутаты Өмүрбек Текебаев декабрда Конституция кабыл алынгандан кийин, Ак үйдө Жогорку Кеңешти таркатуу маселеси козголгондо Айчүрөк Эшимова шайлоо аймактарынын карталарын көтөрүп, бийликтин тапшырмасын аткарганын айтып, депутаттарды анын талапкерлигин колдобоого чакырды.

Айчүрөк Эшимова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдыгына парламенттин макулдугун алуу учурунда депутаттар бир катар суроолорду беришти. Депутат Өмүрбек Текебаев жыл башында бийлик тарабынан Жогорку Кеңешти таркатуу маселеси көтөрүлгөнүн эскертти.

-Данияр Үсөнов депутаттарды таратабыз деп бир бөлүгүнө «100 миң доллардан акча беребиз, депутат кылып өткөрөбүз, административдик ресурс жардам берет. Өтпөй калганыңарга министрлик орунду беребиз» деп өкмөт үйүндө жыйналыш кылганда, сиз «пионер кыздай» болуп документтерди көтөрүп чуркап жүрдүңүз, аймактарды кандай чийиш керек деп. Ошол жыйында округдарды чийип жүргөнгө сиздин укугуңуз бар беле?

Өмүрбек Текбаевдин ушундай суроосуна Айчүрөк Эшимова өкмөт жыйынында аймактарды бөлүштүрүү тууралуу сөз болбогонун, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу маселе козголбогонун жооп иретинде айтты.

Текебаев болсо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп турганда эле Эшимова бийликтин «камчысын» чаба баштады деп депутаттарды анын талапкерлигин колдобоого чакырды.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаров азыркы системада шайлоону өткөрүү бийликтин көзөмөлүндө болуп, Борбордук шайлоо комиссиясы Ак үйдүн көрсөтмөсү менен иштеп келатканын белгиледи.

-Бүгүнкү бийликтин күчсүздүгү, кудуретсиздиги так ушунда. Кечеги Данияр Үсөновдой болуп сиз дагы акыйкатты айталбай актангандай болуп атасыз. Бирок реалдуу нерсе мына азыр мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрөбүз деп атышат. Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрөбүз деп атышат. Бүгүнкү бийлик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө алабы? Ушуга күчү жетеби? Сиз ушуну айтыңызчы?

Айчүрөк Эшимова шайлоону бийлик эмес, Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрөрүн айтты:

-Шайлоону шайлоо комиссиясы өткөрөт. Бийлик өткөрбөйт. Мен канча жылдан бери ушул багытта иштеп келем. Ушул аралыкта шайлоого бийлик административдик ресурсту колдонбосун деп кармашып келатам.

Айчүрөк Эшимова эгерде бул кызматка бекип калса акыйкат, калыс, адилет иш алып барарын билдирди. Анын мындай ишенимдүү жообуна депутат Байболов күмөн санап турганын айтты.

-Ушул азыр сиздин «мен ошол иште туруштук берем» дегениңизге мен ишене албай турам. Сиз эмес ал жерде эркектер туруштук бере алышкан эмес. Айтор эмнеси болсо да келерки шайлоодо «Алга Кыргызстан» сыяктуу шайлоону өткөрөбүз деген оюңардан арылгыла,-деди Байболов.

Депутат Мелис Эшимканов экс-президенттин кызы Бермет Акаева Кемин шайлоо округуна талапкерлигин койсо чектөө болобу деп суроо узатты.

А.Эшимова: Азыркы биздин Шайлоо Кодекси боюнча чектөө шарты бар. Анан Конституциянын өткөөл шартында да жазылуу эмеспи. Ошол Кодекстин негизинде беш жыл жашабаса деген чектөө шарты бар.

Айчүрөк Эшимованын мындай жообун Конституцияны билбеген, мыйзамды сыйлабаган адамдын жообу катары бааларын билдирди депутат Өмүрбек Текебаев.

-Чектөө шарты дегениңиз Конституцияга каршы келип турат. Ал жер Баш мыйзамда иштебейт. «Жок Конституцияда ушундай деп жазылып турат. Өткөөл шартында дагы» деп коет. Окубаган адам буга ишенип калат. Сиз алдап жатасыз,-деп Текебаев Баш мыйзамды Эшимованын алдына алып барып көрсөттү.

Эшимова конституцияга бир сыйра көз жүгүрттү. Депутат Болот Шерниязовдун жаңы конституция боюнча чектөө шарты барбы деген суроосуна Эшимова «жок» деп жооп берди

Бир катар депутаттар жаз майрамынын алдында Айчүрөк Эшимованы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кызматына бекитүүгө макулдук берүүгө үндөштү. Талкуудан кийин депутаттар жашыруун добуш беришип, 57 добуш менен Айчүрөк Эшимованын талапкерлигин колдошту.

XS
SM
MD
LG