Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

МАМДЕПАРТАМЕНТТИН КЕЗЕКТЕГИ ДОКЛАДЫ


АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктарынын дүйнөдөгү абалына арналган кезектеги жылдык докладын жарыялады. Документте бир катар өлкөлөр олуттуу сынга алынган, ошол эле учурда айрым бир алгылыктуу жылыштар болгону белгиленген.

Докладдын негизги мазмуну менен журналисттерди тааныштырып жатып, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дүйнөнүн көп жеринде адам укуктары басмырланып жатканын белгиледи.

“Эркиндик жана адам укуктары ачык иштеген, бакубат жарандык коом алдында отчет берген мамлекеттик институттардын түзүлүшүн талап кылат,- деп айтты Райс. - Сот системасы, мыйзам чыгаруу бийлиги жана массалык маалымат каражаттары көз карандысыз болушу керек, коопсуздук күчтөрү болсо мыйзам бийлигине баш ийүүгө жана калкты зомбулук менен экстремизмден коргоого тийиш”.

Докладда Судандын Дарфур провинциясында уланып жаткан геноцид былтыркы жылдын эң касиреттүү окуясы катары бааланган. Отчетто сөз жана тынч жыйын эркиндигин одоно бузуп, диссиденттерди, журналисттер менен реформачыларды камакка салып жатканы үчүн Иран сынга алынат. Иракта адам укуктары чөйрөсүндө жылыштар байкалган жок, Ооганстандагы кырдаал да кооптуу бойдон калды, деп айтылат докладда.

Мамлекеттик департаменттин баасында, Россиядагы абал былтыр бир кыйла начарлады. Чеченстанда, Түндүк Кавказдын башка да райондорунда бейжазык адамдардын өмүрү кыйылып жатканы үчүн жоопкерчиликти мамдепартамент федералдык аскерлер менен Москванын контролдугунда турган чечен коопсуздук күчтөрүнө жүктөгөн. Россияда саясий жүйөөлөрдөн улам киши колдуу болгондордун саны өсүп жатканы белгиленип, мунун бир мисалы катары журналист Анна Политковскаянын өлүмү көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик катчынын адам укуктары боюнча орунбасары Барри Лауэнкрон Белоруссиядагы абалга кайрылып, бул өлкөдөгү режим тууралуу жакшы бирдеме айтканга арзыган эчтеме жоктугун белгиледи. Документте президент Лукашенконун бийлиги түрмөнү өзүнүн саясий оппоненттерине кысым жасоонун каражаты кылып алганы айтылат.

Докладдын авторлору Украинадан жана Грузиядан адам укуктары чөйрөсүндөгү сезилерлик жылыштарды байкашкан, ал эми Армения менен Азербайжандагы абалды алгылыксыз деп аташкан.

Борборазиялык өлкөлөрдөгү сөз эркиндигин мамлекеттик департамент баштагыдай эле өтө чектелген абалда деп сыпаттайт. Кыргызстанда 2005-жылы демократиялык негизде жаңы жетекчилик шайланган соң адам укуктары алда канча жакшырды,бирок былтыркы жылдын декабрында парламент кабыл алган конституция түзүлгөн негизги теңдемге терс таасирин тийгизди, деп көрсөтүлөт отчетто.

XS
SM
MD
LG