Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

БУШ: АКШ ЖАКЫНКЫ КОҢШУЛАРЫ МЕНЕН ЖАКШЫ МАМИЛЕДЕ


2001-жылы АКШнын президенти болуп алгачкы ирет шайланганда Жорж Буш өз өлкөсүнүн Латын Америка менен алакаларын жакшыртууну алдыңкы планга койгон эле. Бирок 2001-жыл, 11-сентябрдагы теракттар Вашингтондун пландарын өзгөртүп, ушу тапта Буш Латын Американы көңүл сыртында калтырды деген сын пикирлерди угууга аргасыз. Андан уламбы, айтор дүйшөмбүдө АКШ президенти эң жакынкы коңшулар - Латын Америка өлкөлөрүнүн медициналык камсыздоо, билим берүү тармактарын колдоого ондогон миллиард долларлык жардам көрсөтүлөөрүн жарыялады.

Буш Америка Ооганстан жана Ирактагы согуштарга алагды болуп жатканы менен Латын Америка өлкөлөрү менен мамилелер баштагыдай эле жакшы абалда экенин белгиледи. Ошол эле маалда Америкага коңшулаш мамлекеттерде калктын төрттөн бири күнүнө 2 долларга жетпеген акчага күн көрүп, жаш балдар мектеп менен медицинага колу жетпей жашап атканын Американын алдында турган абдан олуттуу маселе деп атады.

- Биздин түштүк тараптагы миллиондогон бир туугандарыбыз өз жашоосун оңдой албай алп урушуп келет. Бул жерде да демократиянын баалуулугу тууралуу суроо туулат. Латын Америкадагы жакыр жумушчулардын турмушун өзгөртүү керек. Бул ишти АКШ өз мойнуна алат. Коңшулаш демократиялуу өлкөлөрдүн элине жардам көрсөтүү – Американын улуттук кызыкчылыгындагы иш.

Президент Буш бул сөздөрүн Вашингтондо чогулган Испан тилдүү өлкөлөрдүн Соода палатасынын 400дөй мүчөсүнө жолдоду. Анын үстүнө АКШ президенти 8-мартта Бразилия, Уругвай, Колумбия, Гватемала жана Мексикага сапар тартканы турат.

Жорж Буш АКШ канча акчаны кайсыл тармактарга жумшаганы атканын чечмелеп айткан жок. Вашингтон тараткан маалыматка караганда, 75 миллион доллар Латын Америкада жашаган балдарга англис тилин окутуп, айрым жаштардын АКШга барып окуусуна сарпталат. Ага кошумча 3 жылдан бери Америка чөлкөмдөгү билим берүү системасын өнүктүрүүгө 150 миллион долларлык программаны ишке ашырып келатат. Президент Буштун планына ылайык, 385 миллион доллар Латын Америкалык кедей үй бүлөлөрдүн насыяларын жеңилдетүүгө жумшалмакчы. Панамада ачыла турган атайын машыктырып-окутуу жайында Борбордук Америкадан келген медицина кызматкерлери кесиптик даярдыгын жогорулата алышат. Андан сырткары АКШнын медициналык кемеси 11 Латын Америка өлкөсүн аралап, ооруканалардан оолак жашаган алыскы аймактарда 85 миңдей кишинин саламаттыгын текшерилип, зарыл болсо тийиштүү хирургиялык операция жасалат.

Вашингтондун планында ушул жылдын аягында Латын Америкалык бейөкмөт уюмдар лидерлерин, бизнесмендерди, диний ишмерлерди өз-өзүнчө чогултуп, чоң конференциялар өткөрүү да белгиленген.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG