Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

7- МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Артиллерия капитаны Рейнталь 1870-жылдын 7-мартында Суусамыр жана Соңкөлдө өткөн курултай туурасында Жетисуу областынын Аскер губернаторуна рапорт жолдоду. Кыргыз АССР Советинин I Уюштуруу Курултайы 1927-жылдын 7-матында ишин баштады.

Артиллерия капитаны Рейнталь 1870-жылдын 7-мартында Суусамыр жана Соңкөлдө өткөн курултай туурасында Жетисуу областынын Аскер губернаторуна рапорт жолдоду. Билдирүүдө айрым таасирдүү кыргыз адамдарынын орус бийлигин алмаштырууга аракет жасагандыгы кабатырлануу менен белгиленет. Курултайга кыргыз бийлери катышпай, ага пайда издеп, жеке кызыкчылыгын көздөгөн байлар келгени айтылат. Курултайга келген кыргыздар Шабдан Баатырды «уезддик начальник» катары кабыл алып, адамдар анын айтканын эки кылбай аткарып атканы маалымдалат. Артиллерия капитанынын кабарлоосунда, курултайда кыргыздар эки жаатка бөлүнүшүп, ким күчтүү жана амалдуу болсо ошонун өктөмү арткандыгы белгиленет.

Пишпек казначействосу 1906-жылдын 7-мартында милициянын Аскер старшинасы Шабдан Жантаевге пенсия чегерүү туурасында билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө Шабдан Баатырга 1875-жылдын 1-октябрынан тарта 8 рубль көлөмүндөгү жылдык пенсия чыгарылгандыгы айтылат.

Түркстан Кеңешинин VII Чукул чакырылган съезди 1919-жылдын 7-мартында ишин баштады. Кеңеш жыйыны март айынын 31-чейин улантылып, анда республиканын уюшулуш маселеси, партиялык курулуш сыяктуу проблемалар талкууланды.

Кыргыз АССР Советинин I Уюштуруу Курултайы 1927-жылдын 7-мартында ишин баштады. Курултайга республиканыны булуң-бурчтарынан чакырылган 238 делегат катышып, алардын 107-кыргыз, калганы башка улуттардын өкүлдөрү болушкан. Курултайдын биринчи күнү Кыргыз Автономиялык областы, Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөртүлгөндүгү жар салынды. Андан соң Кыргыз АССРинин уюшулушу туурасында Декларация кабыл алынды. Курултайда республиканын маданий курулушуна айрыкча маани берилип, олуттуу чечимдер чыгарылды. «Кыргыз АССРиндеги жалпы билим алууну киргизүү», Кыргыз АССРиндеги жаңы кыргыз алфавитин кабыл алуу» сыяктуу токтомдор Кыргызстандын кийинки илим-билим багытындагы келечек өнүгүүсүн аныктаган.

Бу күнү, 1988-жылы айтылуу акын Жолон Мамытов жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG